Редакцияот 25.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Таш-Булак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы

 

2024-жыл 25-январы №14

 

“Ынтымак айылдык ден соолук комитетинин” төрайымы Ж.Мусаеванын кайрылуусу жөнүндө ”

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын 34-беренесинин 5,17 пункттарын жетекчиликке алып жана Ынтымак ден соолук комитетинин төрайымынын жазган арызынын негизинде Таш-Булак айылдык кеңешинин кезектеги 25.01.2024-жылдагы кезектеги ХХIХ сессиясы

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1. 2023-жылдын 13-июнундагы Таш-Булак айылдык кеңешинин кезексиз ХХII сессиясынын №12-токтому жокко чыгарылсын.

 

2. Ынтымак айылындагы Ынтымак бала бакчасынын күн батыш тарабындагы 150 квадрат метр жер аянтына, каттоодо турган бейтаптар үчүн, мамлекеттик муниципалдык менчиктеги тренажердук зал курууга уруксат берилсин.

 

3. Керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы жер адис А.Сатвалдыевге жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Алимкуловго жүктөлсүн.

 

4. Иш кагаздарынын аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Азимовго милдеттендирилсин.

 

5. Токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

 

Таш-Булак айылдык кеңешинин төрайымы:

М.С. Алтыбаева