Редакцияот 16.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясы

2021-жылдын 16-декабры № 6/10

Турак-жай салууга жер тилкелерин берүүдө трансформация жана жерди бөлүштүрүү тартиби жөнүндө

Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу бардык айылдарда турак жай салууга жер тилкелерин берүүдө трансформация жана жерди бөлүштүрүү тартибин бекитүү максатында айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай коммуналдык маселелер, өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис А. Шариповдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу бардык айылдарда турак жай салууга жер тилкелерин берүүдө трансформация жана жерди бөлүштүрүү тартиби бекитилсин.

 

2. Ар бир айылдын элдик жыйынынын негизинде протокол түзүлүп жер тилкеге чыныгы муктаждар аныкталып, жер тилкелери кезекке туруунун негизинде бөлүнүп берилсин.

 

3. Комиссия курамына ар бир айылдын аксакалдар соту, аялдар кеңеши, жаштар мүчөлөрү, айылдык кеңештин депутаттары, айыл башчылар жана жер, турак-жай коммуналдык маселелер, өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси киргизилсин.

 

4. Ар бир түзүлгөн комиссияга төрагалык кылуу жагы айыл өкмөт башчы У. Өмүрбековго тапшырылсын.

 

5. Комиссия курамы төраганы кошкондо 21 адамдан болуусу, комиссия курамына жана комиссия төрагасына эскертилсин.

 

6. Комиссия курамын буйруктун негизинде бекитип берүү жагы айыл өкмөт башчысы У. Өмүрбековго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Жумалы уулу Адил