ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясы
2021-жылдын 16-декабры № 6/9
Айыл өкмөтүндөгү үлүш жерлерди инвентаризациялоо жүргүзүү жөнүндө
Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда үлүш жерлерин инвентаризациялоо жүргүзүү максатында айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай коммуналдык маселелер, өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис А. Шариповдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Чолпон айыл өкмөтүндө үлүшкө бөлүнүп берилген жерлер айрымдарыныкы жетпегендиктен жана айрымдарыныкы ашык болгондуктан бардык үлүш жерлерге инвентаризациялоо жүргүзүлсүн.
2. Үлүш жерлерди тактап, аныктап, инвентаризация жүргүзүү боюнча иш милдеттер Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу бардык айыл башчыларга жана жер, турак-жай коммуналдык маселелер, өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис А. Шариповго милдеттендирилсин.
3. Комиссия курамына Кочкор райондук архитектура башкармалыгынын тиешелүү адистерин кошуу менен комиссия курамы түзүлсүн.
4. Комиссия курамын буйруктун негизинде бекитип берүү жагы айыл өкмөт башчысы У. Өмүрбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Жумалы уулу Адил |