Редакцияот 25.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Таш-Булак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы

 

2024-жыл 25-январы №17

 

“Живпром участкасындагы аты  жок  көчөгө Сапаралиев Эмилбектин атын  коюу жөнүндө”

 

Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке  алып, Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу  Живпром участкасынын тургуну Эмилбек уулу Нурландын жазган арызын жана 2023-жылдын 27-ноябрындагы өткөрүлгөн  чогулуштун чечимин карап чыгып жана талкуулап, Таш-Булак айылдык кеңешинин 2024-жылдын 25-январындагы кезектеги ХХIX сессиясы

                                                

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

 1.Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке  алып, күн батыш тарабынан параллель жайгашкан Абдуллаев Нурбек көчөсү менен, ал эми күн батыш тарабынан Достук көчөлөрүнүн ортосундагы аты жок  көчөгө  “Сапаралиев Эмилбек”тин  аты ыйгарылсын.

 

2.Бул көчөдөгү үйлөрдү  номерациялоо, вывескаларды даярдап илдирүү жана ошол көчөнү өздөштүрүү иштерин алып баруу жагы Эмилбек уулу Нурланга жүктөлсүн.

 

3.Сапаралиев Эмилбектин аты  коюлгандыгы жөнүндө  жергиликтүү калкка жана  тиешелүү мекеме, уюмдарга маалымдоо Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Г.Азимовго милдеттендирилсин.

 

4.Токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

Таш-Булак айылдык кеңешинин төрайымы:

М.С. Алтыбаева