ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясы
2021-жылдын 16-декабры № 6/6
ФАП курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Оро-Башы айылынын жашоочуларынын демилгеси менен айылды өнүктүрүү максатында ФАП курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө суранышкан өтүнүчүн эске алуу менен №4167 “Оро-Башы” шайлоо аймагынан депутат Тентимиш уулу Сабиттин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Оро-Башы айылынын жашоочуларынын көтөрүп жаткан демилгеси айылды өнүктүрүү жана айыл элинин ден соолугуна кам көрүү экендигин эске алуу менен колдоого алынсын.
2. Оро-Башы айылынын эски ФАПтын жанынан, Түлөкабыл көчөсүнүн бурчунда бош жаткан 7 (жети) сотых жер аянты ФАП курууга бөлүнүп берилсин.
3. Бөлүнгөн жер аянтына буйрук чыгарып, тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүп, мыйзамдаштырып берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У. Өмүрбековго тапшырылсын.
Төрага | Жумалы уулу Адил |