ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясы
2021-жылдын 16-декабры № 6/5
Бала бакча курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Эпкин айылынын жашоочуларынын демилгеси менен айылды өнүктүрүү максатында бала бакча курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө суранышкан өтүнүчүн эске алуу менен №4154 “Эпкин” шайлоо аймагынан депутат Жеңишбеков Чолпонбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Эпкин айылынын жашоочуларынын көтөрүп жаткан демилгеси айылды өнүктүрүү жана жаш муундарга шарт түзүү максаты экендигин эске алуу менен колдоого алынсын.
2. Эпкин айылынын Намаз уулу Кутман көчөсүндөгү бош жаткан 40 (кырк) сотых жер аянты бала бакча курууга бөлүнүп берилсин.
3. Бөлүнгөн жер аянтына буйрук чыгарып, тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүп, мыйзамдаштырып берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У. Өмүрбековго тапшырылсын.
Төрага | Жумалы уулу Адил |