Редакцияот 16.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясы

2021-жылдын 16-декабры № 6/3

Ковид-19 пандемиясына бөлүнгөн 95,8 миң сом акча каражатын пайдалануу жөнүндө

2021-жылдын 22-январындагы №38/4 токтомунун негизинде Ковид-19 пандемиясына бөлүнгөн 95,8 миң сом пайдаланылбай калгандыгына байланыштуу, көпчүлүк депутаттардын сунушун, билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. 2021-жылдын 22-январындагы №38/4 токтомунун негизинде Ковид-19 пандемиясына бөлүнгөн 95,8 миң сом 2021-жыл ичинде пайдаланылбай калгандыгына байланыштуу, төмөндөгүдөй тартипте пайдаланылсын:

 

1). К. Акназаорв орто мектебин техникалык жактан камсыздоо максатында кабель жана коннектор сатып алууга 20,0 миң сом акча каражаты пайдаланууга берилсин;

2). К. Акназаров орто мектебин электр жабдыктар менен камсыздоого 6,0 миң сом акча каражаты пайдаланууга берилсин;

3). А. Мааткеримов орто мектебин техникалык жактан камсыздоо максатында кабель, коннектор, прут, электрод жана болгарка ташын сатып алууга 29,0 миң сом акча каражаты пайдаланууга берилсин;

4). Чолпон айыл өкмөтүндө иш кагаздарды электрондук жүгүртүүдө керектелүүчү микротик, хаб жана кабельдерди сатып алууга 15,0 миң сом акча каражаты пайдаланууга берилсин;

5). Чолпон айыл өкмөтүндө кургак учук оорусу менен жабыркаган айыл тургундарына бир жолу жардам көрсөтүү максатында 6 жаранга ар бирине 1,0 миң сомдон жалпысы 6,0 миң сом акча каражаты пайдаланууга берилсин.

 

2. Акча каражатын пайдаланууга берүү жагы каржы экономика бөлүм башчысы-башкы эсепчи А. Усубалиевге милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчы У. Өмүрбековго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Жумалы уулу Адил