ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясы
2021-жылдын 16-декабры № 6/2
Ылдамдыкты азайтуучу дөңсөөлөрдү жана ылдамдыкты азайтуучу белгилерди коюу жөнүндө
Чолпон айыл аймагына караштуу Осоавиахим айылынын Сапарбек уулу Асанбек асфальт көчөсүнө ылдамдыкты азайтуучу дөңсөөлөрдү жана ылдамдыкты азайтуучу жол белгилерин коюу жөнүндөгү маселени карап, талкуулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Чолпон айыл аймагына караштуу Осоавиахим айылынын Сапарбек уулу Асанбек асфальт көчөсүнө ылдамдыкты азайтуучу дөңсөөлөрдү жана ылдамдыкты азайтуучу жол белгилерин коюуга уруксаат берилсин.
2. Ылдамдыкты азайтуучу дөңсөөлөрдү жана ылдамдыкты азайтуучу жол белгилерин орнотуу боюнча Бишкек-Нарын-Торугарт автожол башкармасы Д. Алканов атындагы №955 жол тейлөө мекемеси менен макулдашып иш жүргүзүү Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы У. Өмүрбековго тапшырылсын.
Төрага | Жумалы уулу Адил |