ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясы
2021-жылдын 16-декабры № 6/1
“Чоң-Туз” ЖЧКсы жөнүндө
Чолпон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын “Чоң-Туз” ЖЧКсынын ишмердүүлүгү, ижара акысын өз убагында төлөнүшүн камсыздоо, “Чоң-Туз” ЖЧКсынын ишмердүүлүгүндө экологиялык жана техникалык коопсуздукту сактоосу, санитардык абалды эске алуусу, ошондой эле Чолпон айыл өкмөтү менен түзүлгөн келишимдин талаптарын так аткаруу, 2021-жылга келишим түзүү жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. “Чоң-Туз” ЖЧКсынын ижара акысын толугу менен өндүрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У. Өмүрбековго милдеттендирилсин. 2021-жылдын 30-декабрына 325,0 миң сом акча каражаты өндүрүлсүн. 2021-жылга келишим кайрадан түзүлүп, 2021-жылга ижара акысы 800,0 миң сомго бекитилип, 2022-жылдын 20-январына чейин толугу менен өндүрүлсүн.
2. “Чоң-Туз” ЖЧКсынын ишмердүүлүгүндө экологиялык жана техникалык коопсуздукту камсыздоо, санитардык абалды жакшыртуу, Чолпон айыл өкмөтү менен түзүлгөн келишимдин талаптарын так аткаруу жагы “Чоң-Туз” ЖЧКсынын директору А. Байтекрековго тапшырылсын.
Төрага | Жумалы уулу Адил |