Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СУУ РЕСУРСТАРЫ, АЙЫЛ ЧАРБА ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮ ӨНӨР ЖАЙЫ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2024-жылдын 15-майындагы № 04-13/152
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планын жана жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планын иштеп чыгуу тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2024-жылдын 23- июлундагы № 04-13/247 токтомунун редакциясына ылайык)
Жайыт жерлерин башкаруу чөйрөсүндөгү укуктук ченемдик базаны өркүндөтүү жана өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун аткаруу максатында, буйрук кылам:
1.Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планын жана жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планын иштеп чыгуу тартиби жөнүндө типтүү жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
11. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунушталсын:
– жыл сайын 15-апрелден 15-сентябрга чейинки мезгилде жазгы жайыт жерлеринде мал жаюуга чектөө киргизүү.
12. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча): – мамлекеттик жайыт жерлерин башкарууда Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2024-жылдын 15-майындагы № 04-13/152 буйругу менен бекитилген Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планын жана жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планын иштеп чыгуу тартиби жөнүндө Типтүү жобону жетекчиликке алсын;
– фермерлерди жана мал чарбачылык менен алектенген субъекттерди өз убагында тоют даярдоо жана тоют менен камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.
13. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин региондор жана жаратылыш ресурстары менен иштөө боюнча башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Асыл-тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаменти жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планын жана жайыттарды пайдалануунун жылдык планынын аткарылышын контролдоону жана мониторинг жүргүзүүнү ишке ашырсын.
14. Кызмат адамы өз милдеттерин аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат.
2. Министрликтин репутацияны башкаруу бөлүмү ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоонун булактары жөнүндө” токтомуна ылайык расмий жарыяланышын камсыз кылсын.
3. Министрликтин чечимдерин ишке ашыруу башкармалыгы:
– буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун эки нускадагы көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, анын жарыяланган булагы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
– ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде маалымат үчүн ушул буйруктун көчүрмөсүн жарыяланган булагын көрсөтүү менен мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук турдө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
4. Министрликке караштуу Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаменти ушул буйруктан келип чыгуучу чараларды көрсүн.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо мал чарба тармагын тейлеген министрдин орун басарына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - министр |
| Б.Э. Торобаев |