Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 15-майы № 239-т
Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Кез карандысыздыгынын күнүнө арналган иш-чараларды өткөрүү пландалган объекттерди курууну жана кайра конструкциялоону оперативдүү аяктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Бишкек шаарынын мэриясына төмөнкүлөргө уруксат берилсин:
1) төмөнкү объекттерди долбоорлоо, куруу, кайра конструкциялоо жана капиталдык оңдоо процесстерин айкалыштырууга:
- жаңы ат майданды (Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл аймагы);
- Ала-Тоо аянтын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун флагштогу (Бишкек шаары, Чүй проспекти);
- Бишкек "Алга" спорт борборун ("Эмгек резерви" республикалык дене тарбия жана спорт борборунун аймагы, Бишкек шаары, Үсөнбаев көчөсү, 200);
- Д.Өмүрзаков атындагы стадиондун кичи спорт аренасын (Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 17/7);
- мектепке чейинки билим берүү мекемесин (Бишкек шаары, Чыгыш-5 кичи району, 18/1);
2) ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн объекттерди долбоорлоо, куруу, кайра конструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну контракттын банктык коштоосуз жүзөгө ашырууга.
2. Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) ушул тескеменин 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн объекттерди курууга киришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги белгиленген тартипте Бишкек шаарынын мэриясына көмөк көрсөтсүн:
- ушул тескеменин 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн объекттерди долбоорлоого, курууга, кайра конструкциялоого жана капиталдык оңдоого уруксат берүүчү документтерди берүүгө;
- курулушу бүткөн объекттерди экспертизадан өткөрүүгө жана эксплуатациялоого кабыл алууга.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |