Редакцияот 29.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Багыш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы

 

2024-жыл 29-январы №1

 

“Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Пугачев кѳчѳсүнѳ Суеркулов Пайзилланын

ысымын ыйгаруу жѳнүндѳ”

 

            Багыш айыл ѳкмѳтүнүн №1-15/10 11.01.2024-жылдагы «Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Багыш айылынын Пугачев кѳчѳсүнѳ Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, ветераны Суеркулов Пайзиланын ысымын ыйгарып берүү жѳнүндѳ» кайрылуусун жана Багыш айылдык кеңешинин Социалдык, коомдук жана эл аралык менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 17.01.2024-жылдагы протоколдук чечимин угуп, талкуулап Багыш айылдык кеңеши токтом кылат :

 

1.    Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Багыш айылындагы Пугачев кѳчѳсүнѳ Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Суеркулов Пайзиланын ысымы ыйгарылсын.

 

2.    Токтомду аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу У.Жолборсовго милдеттендирилсин.

 

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү ѳзүмѳ калтырам.

 

4.    Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.

 

 

Төрага:

Ж.Сейдахматов