БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы
2024-жыл 29-январы №3
“Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу «Таалимтай» мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча тайпаларды ачуу жѳнүндѳ”
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 2024-жылдын 28-январындагы №01-15/98/1 «Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу «Таалимтай» мектепке чейинки билим берүү уюмунда «Келечек үчүн билим берүү» долбоору ишке ашып, беш бѳлмѳлүү имараты толук капиталдык ремонттон ѳткѳрүлүп жана бардык эмеректер менен камсыздалганына байланыштуу, «Таалимтай» мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча 2 тайпа ачуу боюнча уруксат берүү жѳнүндѳ» кайрылуусун карап, талкуулап Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу ««Таалимтай» мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча 2 тайпа ачууга 01.03.2024-жылдан тартып уруксат берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу У.Жолборсовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү ѳзүмѳ калтырам.
4. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага: | Ж.Сейдахматов |