Редакцияот 29.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Багыш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы

 

2024-жыл 29-январы №4

 

“Багыш айыл ѳкмѳтүнүн №01-15/104 30.01.2024-жылдагы кайрылуусун кароо жѳнүндѳ”

 

            Багыш айыл ѳкмѳтүнүн №1-15/104 30.01.2024-жылдагы «Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Октябрь айылынын туругуну З. Бегимкулованын турак жай салууга жер тилкесин бѳлүп берүү жана РТС участкасындагы калктуу конуштун бош турган 0,08 гектар жер тилкесин турак жай салууга бѳлүп берүүгѳ уруксат берүү жѳнүндѳ» кайрылуусун карап, талкуулап Багыш айылдык кеңеши токтом кылат :

 

1.    Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Октябрь айылынын РТС участкасындагы калктуу конуштун бош турган 0,08 гектар жер тилкесин турак жай курууга бѳлүп берүүгѳ мыйзам чегинде уруксат берилсин.

 

2.    Токтомду аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу У.Жолборсовго милдеттендирилсин.

 

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү ѳзүмѳ калтырам.

 

4.    Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.

 

 

 

 

Төрага:

Ж.Сейдахматов