БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы
2024-жыл 29-январы №5
“Багыш айыл ѳкмѳтүнүн №01-15/852 30.10.2023-жылдагы кайрылуусун кароо жѳнүндѳ”
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн №1-15/852 30.10.2023-жылдагы «Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Октябрь айылынын РТС участкасында, Багыш айылында турак жай тилкелерине укук аныктоочу документ жоктугуна байланыштуу, мыйзамдаштырып берүү жѳнүндѳ кайрылуусун жана Сузак райондук «Кадастр» ишканасынын кортундусунун карап, талкуулап Багыш айылдык кеңеши токтом кылат :
1. Кайрылууда кѳрсѳтүлгѳн Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Октябрь айылынын РТС участкасында, Багыш айылында турак жай тилкелерин Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2002-жылдын 06-майындагы №177 токтому менен бекитилген жобонун жетекчиликке алып, мыйзам чегинде иш алып барууга уруксат берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу У.Жолборсовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Багыш айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы К.Маматалиевге жүктѳлсүн.
4. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага: | Ж.Сейдахматов |