Редакцияот 01.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Миң-Булак айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз III сессиясы

2021-жылдын 1-марты № 1/4

Миң-Булак айыл өкмөтүнүн жыл башында калган калдык акча каражатынын эсебинен айыл чарба техникасын (комбайн) алуу жөнүндө

Элдик жыйындардагы айтылган элдин муктаждыгын чечүү максатында Миң-Булак айыл өкмөтүнүн жыл башында калган калдык акча каражатынан жалпы наркы 3 000 000 (уч миллион)сомду түзгөн айыл чарба техникасын (комбайн) алуу боюнча XXVII чакырылышынын кезексиз III сессиясы токтом кылат.

 

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Мин-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Усуповго тапшырылсын

 

Төрага:

Р.Жумамүдүнов

 

Кеңештин катчысы:

А.Айтбаева