КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Таш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2021-жылдын 14-майы № 1
Көк-Таш айыл өкмөтүндө табигый кырсыктардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 18-беренесинин 22-пунктуна ылайык, айыл өкмөтүнүн табигый кырсыктардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угуп, карап чыгып, талкуулап Көк-Таш айылдык кеңешинин кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Таш айыл өкмөтүнүн табигый кырсыктардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча бир топ алгылыктуу иштердин аткаргандыгы белгиленсин.;
2. Көк-Таш айыл өкмөтүнүн аймагында сел кесепетинин келтирилген зыянды калыбына келтирүү максатында атайын техникалар тартылсын жана техниканы иштетүү үчүн зарыл болгон каражаттардын сметасын иштеп чыгуу жана сметанын негизинде акча каражатын максаттуу пайдалануу Көк-Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин;
3. Аталган токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Жоробаевге жүктөлсүн.
Төрага | Б.Нышанов |