КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Таш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2021-жылдын 14-майы № 2
Көк-Таш айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга карата иш планын, бюджетин, бекитүү жөнүндө
Көк-Таш айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү маселе “Бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясында каралып,алардын талкуусун эске алып,Кыргыз Республикасынын “Жайыт” мыйзамынын 11-беренесинин негизинде Көк-Таш айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылга карата Көк-Таш айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин иш планы жана бюджети 431450 сом менен бекитилсин;
2. Аталган токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб-сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык кеңешинин “Бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Х.Байназаровага жүктөлсүн.
Төрага | Б.Нышанов |