БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 21-июлу № 4/6
Баетов айылдык Кеңешинин Регламентине толуктоо киргизүү жөнүндө
Баетов айылдык кеңештин Регламентине толуктоо киргизүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2021-жылдын 12-майындагы кезектеги I сессиясынын №1 токтому менен бекитилген Регламентинин 9 болумунун 9.1 пунктуна томондогудой толуктоо киргизилсин.
· Жооптуу катчы тарабынан сессиянын материалдарын айылдык кеңештин депутаттарына сессия болордон 3-кун мурун камсыз кылынышы.
· Сессиянын токтому чыккандан кийин 7-күн ичинде сайтка жарыяланышы.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Баетов айылдык кеңешинин “Депутаттык иш, мыйзамдуулук, укук коргоо тартиби” боюнча тармактык комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага: | Ч. Азимжанов |