Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 21-июлу № 4/12
Баетов айыл аймагындагы тарыхый мурастарды жана эстеликтерди эсепке алуу жана коргоону камсыз кылуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 26.07.1999-жылдагы “ Тарыхый мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” №91 мыйзамынын 10-беренесинде жана Кыргыз Республикасынын 15.07.2011-жылындагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” №101 мыйзамынын 47-беренесинин 1-пункттунун 3-пункчасына ылайык, Баетов айыл аймагындагы тарыхый мурастарды жана эстеликтерди эсепке алуу жана коргоону камсыз кылуу жөнүндө маселени угап жана талкуулап Баетов айылдык кеңешини
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айыл аймагынын территориясында жайгашкан тарыхый мурастар жана эстеликтер Баетов айыл аймагынын каттосуна алынсын
-Көк-Дөбө-Дөрбөлжүн байыркы көрүстөнү
-Коен уулу Чыбылдый баатырдын күмбөзү
-Улуу Ата-Мекендик согушта курман болгондорго арналган эстелик
-Нуркул Кулназаровтун айкели .
-Баатай уулу Касымбек айкели
- Тайлак баатырдын эстелиги
-Ак-Мөөрдүн айкели
-Афган-Баткен коогаланына арналган эстелик
-Шүкүрбек Бейшеналиев айкели
-КР эл артисти, ырчы, обончу Муса Баетовтун айкели (Баетов айыл өкмөтүнүн жанында)
-КР эл артисти, ырчы, обончу Муса Баетовтун айкели
-Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, 2 кызыл жылдыз орденинин ээси Ынакбеков Сейдибакастын айкели
-2010-жылдын 7-апрелинде курман болгон Ак-Талаа эр азамат Карасартов Адилеттин айкели
-Медицина илимдердин кандидаты, доцент Көккөзов Орозбектин айкели
-Социалистик эмгектин баатырлары Токоев Ормоке, Мүсүралиева Бакый, Конгайтиева Супай, Абдраимова Асанаалы, Акназаров Корчубек, Асанбеков Төлөнбай , Жусубалиев Балтабай, Жузманбетов Кадыраалы, Молдобасанов Калый, Кутукеев Кубатаалы, Атабаев Токтобайладын айкелдери
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Баетов айылдык кеңешинин “Депутаттык иш, мыйзамдуулук, укук коргоо тартиби” боюнча тармактык комиссиясына тапшырылат.
Тѳрага: | Ч. Азимжанов |