БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 21-июлу № 4/13
Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу бала-бакча, мектеп, клубтун кайрылуулары жөнүндө
Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу бала-бакча, мектеп, клубдун кайрылуулары жөнүндө карап, угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айыл өкмөтүнүн алдындагы Д.Ажиев клубуна инвентарына сунушталган акча каражатын, Ай-Зуура бала бакчасынын инвентарына сунушталаган акча каражатын, “Азык” социалдык борборунун капиталдык ремонтуна акча каражатын, “Марьям” бала бакчасынын жылуулук системасын ондоп-түзөөгө сунушталган акча каражатын, Тынчтык” балдар бакчасынын жылуулук системасын оңдоп-түзөөго сунушталган акча каражатын Баетов айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджети бекитилип калгандыгына байланыштуу, 2022-жылдын бюджетине сунушталсын.
2. Баетов айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджети долбоорлонуп жатканда эске алуу бюджет жана финансы туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын
Тѳрага: | Ч. Азимжанов |