БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баетов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2021-жылдын 14-сентябры № VI/3
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандап алуу жана каржылоо тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү демилгелерди каржылоо жолу менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн, алардын бирикмелерин, башка жеке жана юридикалык жактарды жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышууга шыктандыруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айыл аймагы тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандап алуу жана каржылоо тартиби жөнүндө Жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберилсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Ушул токтом Баетов айыл аймагынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдү жургузуу депутаттык иш, мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча тармактык туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага: | Ч. Азимжанов |