Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баетов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2021-жылдын 14-сентябры № VI/5
Баетов айыл өкмөтү тарабынан 2022-жылга түрткү берүүчү грантка даярдалып жаткан долбоорлор жөнүндө
Баетов айыл өкмөтү тарабынан 2022-жылга түрткү берүүчү грантка даярдалып жаткан долбоорлор жөнүндө угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айыл өкмөтү тарабынан 2022-жылга түрткү берүүчү грантка Баетов айыл өкмөтүнө караштуу Б. Мүсүралиева атындагы орто мектебинин жылуулук системасын толук алмаштырууга, айыл ичине футболдук аянтча курууга жана Д.Ажиев атындагы айылдык клубунун капиталдык ремонттон өткөрүүгө 2022-жылдын жергиликтүү бюджеттинен түрткү берүүчү грантка өздүк салымы бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдү жургузуу Баетов айылдык rеңешинин бюджет жана финансы тармактык комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага: | Ч. Азимжанов |