БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баетов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2021-жылдын 14-сентябры № VI/8
Баетов айыл өкмөтүнө караштуу балдар бакчаларынын толук кандуу тамактануусу жөнүндө
Баетов айыл өкмөтүнө караштуу балдар бакчаларынын толук кандуу тамактануусу жөнүндө угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айыл аймагында жайгашкан бала бакчаларда тарбиялануучулардын тамак аш үчүн айына төлөнүүчү төлом акысын, азык түлүктүн кымбаттагандыгына байланыштуу жана бала бакчалардын жетекчилеринин кайрылуусу боюнча, 700(жети жүз)сом өлчөмүнө которуу белгиленсин.
2. Тарбиялануучулардын тамактануусунда витаминдештирүүну колго алуу эске алынсын.
3. Тарбиялануучулардын тамак аш үчүн төлонүүчу төлөм акысын төлөөдө көп балалуу үй-бүлөлөргө женилдик берүү колго алынсын.
4. Тарбиялануучунун ооругандыгы тууралуу справкасы жана өргүүгө жазылган арызы болсо акы төлөнбөй тургандыгы жана бала бакчага себепсиз келбесе төлөм акы толук төлөнө тургандыгы боюнча ата - энелер менен келишим түзүү, токтомдун негизинде төлөм акылардын төлөнүшүн камсыз кылуу жагы бала бакчалардын директорлоруна милдеттендирилсин.
5. Ата-энелерден алынуучу төлөм акынын отчетун айыл өкмөткө ар бир айдын 5инен кечиктирбестен берүү жагы бала бакча директорлоруна милдеттендирилсин.
6. Бала бакчалардагы тарбиялануучулардын толук кандуу, витаминдүү тамактануусун көзөмөлдөө айыл өкмөт башчы А. Абдылдаевге тапшырылсын.
7. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдү жургузуу Баетов айылдык кеңешинин “Депутаттык иш, мыйзамдуулук, укук коргоо тартиби” боюнча тармактык комиссиясына жуктолсун.
Тѳрага: | Ч. Азимжанов |