БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баетов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү VII сессиясы
2021-жылдын 11-октябры №VII/5
Баетов айыл өкмөтүнө караштуу Ай-Зуура балдар бакчасынын жылытуу системасы боюнча
Баетов айыл өкмөтүнө караштуу Ай-Зуура балдар бакчасынын жылытуу системасы боюнча маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Э.Карасартов атындагы орто мектебинин жаны корпусу 2020-жылдын февраль айында ишке берилгендиктен мектептин № 3 корпусун Ай-Зуура бала бакчасына өткөрүлүп берилсин.
2. Ай-Зуура бала бакчасынын жылуулук системасын иштетүү үчүн штаттык бирдик ачуу Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Депутаттык иш , мыйзамдуулук жана укук коргоо тартиби боюнча тармактык комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Ч.Азимжанов |