Сравнение редакций…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы № 393 токтомуна)
|
Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты (мындан ары - Мамлекеттик стандарт) төмөнкүлөрдү белгилейт:
- мектептик жалпы билим берүүнүн коомдук макулдашылган артыкчылыктарын;
- мектептик жалпы билим берүүнүн максатын жана милдеттерин;
- негизги компетенттүүлүктөрдүн тизмесин жана аларга жетишүүнүн деңгээлдерин;
- билим берүү системасынын, жалпы билим берүү уюмунун, класстын жана окуучунун өз алдынча деңгээлинде билим берүүнүн натыйжаларын баалоонун негизги принциптерин;
- мектептик жалпы билим берүүдөгү уюштуруучулук жана методикалык (технологиялык) өзгөрүүлөрдү.
2. Мамлекеттик стандарт төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
- билим берүү системасын компетенттүүлүк негизде түзүүнү жана мектептик жалпы билим берүүнү коомдук социалдык тапшырыгы менен шайкеш келтирүүнү;
- мектептик жалпы билим берүүнүн бардык баскычтарында бардык билим берүү чөйрөлөрүнүн белгиленген максаттарын жүзөгө ашырууну;
- уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан бардык жалпы билим берүү уюмдары үчүн базистик окуу планын, предметтик стандарттарды, жалпы билим берүү программаларын жана окуу-методикалык комплекстерин иштеп чыгууну;
- мектептик жалпы билим берүүнүн бардык баскычтарында предметтик стандарттардын жана жалпы билим берүү программаларынын ырааттуулугун;
- окуу жүктөмүн оптималдаштыруу үчүн билим берүү чөйрөсүндөгү предметтерди интеграциялоо боюнча методикалык негиздерди;
- жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнүн даярдык деңгээлин калыс баалоону;
- Кыргыз Республикасында жалпы билим берүү жөнүндөгү документтердин эквиваленттүүлүгүн белгилөөнү.
3. Мамлекеттик стандарт билим берүүнүн белгилүү натыйжаларына жетишүү үчүн билим берүү процессинин ар бир катышуучусунун - билим берүүнү башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин жана мугалимдеринин, окуучулардын жана алардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн), ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрүнүн жоопкерчилик чөйрөлөрүн аныктайт.
Бул максат билим берүү тармагында саясатты иштеп чыгууда билим берүүнү башкаруу органдары стратегиялык, программалык документтерди жана ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга бизнес-коомчулуктун, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүн, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин жана мугалимдерин, ата-энелерди (мыйзамдуу өкүлдөрдү), окуучулардын өздөрүн катыштырат.
4. Окуучуларды окутууда Кыргыз Республикасынын стратегиялык документтеринде аныкталган артыкчылыктарга, иш берүүчүлөрдүн керектөөлөрүнө, окуучулардын жана алардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) суроо-талаптарына ылайык келишин камсыздоо үчүн зарылдыгына жараша Мамлекеттик стандарт кайра каралып жана жаңыланып турат.
5. Ушул Мамлекеттик стандарттагы негизги түшүнүктөр жана терминдер төмөнкү мааниде пайдаланылат:
- базалык жалпы билим берүү предметтери - мектептик жалпы билим берүүнүн бардык баскычтарындагы милдеттүү предметтер;
- базистик окуу планы - милдеттүү предметтердин тизмесин, аларды окутуунун ырааттуулугун жана окуу жүктөмүнүн көлөмүн белгилеген документ;
- тарбиялоо - инсанды өнүктүрүүгө, адамдын, үй-бүлөнүн, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарындагы коомдо кабыл алынган жүрүм-турум эрежелердин жана ченемдеринин, социалдык-маданий, руханий-адеп-ахлактык баалуулуктардын негизинде окуучуга өзүн-өзү аныктоого жана социалдашууга шарттарды түзүүгө багытталган иш;
- мамлекеттик (инварианттык) компонент - Мамлекеттик стандарттын талаптарын ишке ашыруучу жана бардык типтеги жана менчиктигинин формасындагы жалпы билим берүү уюмдарында милдеттүү түрдө окутулуучу базистик окуу планынын түзүмдүк элементи;
- Мамлекеттик стандарт - билим берүүнүн бардык чөйрөлөрүндө белгиленген максаттарды мектептик жалпы билим берүүнүн бардык баскычтарында жүзөгө ашырууну камсыздаган, билим берүү процессин жөнгө салган, улуттук жана жергиликтүү деңгээлдерде билим берүү системасын өнүктүрүүнү камсыз кылган ченемдик укуктук документ;
- диагностикалык баалоо - окуучунун өнүгүүсүн кийин баалоо үчүн анын калыптанган компетенцияларынын башталгыч деңгээлин аныктоочу процесс;
- "жашыл көндүмдөр" - экологиялык коопсуз жашоо ыкмаларын өздөштүрүү, туруктуу жана ресурстарды үнөмдөөчү коомду өнүктүрүү жана колдоо, экологиялык көйгөйлөрдү аныктоо, чечүү жана алдын алуу үчүн зарыл болгон билим, баалуулуктар жана мамилелер;
- жеке билим берүү траекториясы - мугалимдердин ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) менен өз ара аракеттенүүсүндөгү координациялык, уюштуруучулук, консультациялык ишмердигинде жүзөгө ашырылган окуучунун жөндөмдүүлүгүнө, мүмкүнчүлүгүнө, жүйөлөрүнө, кызыкчылыктарына ылайык келген жеке билим алуу максаттарын ишке ашыруу боюнча алардын ар биринин окуу ишмердигинин элементтеринин белгилүү ырааттуулугу;
- инклюзивдик билим берүү - билим алуу муктаждыктарынын жана жеке мүмкүнчүлүктөрүнүн ар түрдүүлүгүн эске алуу менен бардык окуучулар үчүн бирдей билим алууну камсыз кылуу;
- интеграция - окуучуларды дүйнөнү бирдиктүү кабылдоону калыптандырууга жана негизги компетенттүүлүктөрдү өнүктүрүүгө жалпысынан багытталган айрым предметтердин, билим берүү чөйрөлөрдүн, билим берүү процессинин алкагындагы мазмундун түзүмдүк компоненттеринин ортосундагы байланыштарды түзүү жана өз ара байланышын камсыздоо процесси;
- билим берүүнүн сапаты - билим берүүнүн натыйжасынын билим берүүнүн ар кандай субъекттеринин (окуучулардын, мугалимдердин, ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн), иш берүүчүлөрдүн, жалпы коомдун) күтүүлөрүнө же билим алуу боюнча алар койгон максаттарга жана милдеттерге ылайык келүү даражасы;
- негизги компетенттүүлүктөр - социалдык, мамлекеттик, кесиптик тапшырыкка ылайык аныкталган, көп функциялуулукка ээ болгон жана предметтен жогору турган, окуу предметтеринин базасында жүзөгө ашырылган жана окуучунун социалдык тажрыйбасына негизделген билим берүүнүн ченелүүчү натыйжасы;
- компетенттүүлүк - белгилүү бир кырдаалда (окуу, жеке жана кесиптик) билимдин жана ыктын ар кандай элементтерин өз алдынча колдонгон адамдын интеграцияланган жөндөмү;
- компетенция - окуучуну билим алууга даярдоого карата мурдатан коюлган, анын белгилүү бир чөйрөдөгү натыйжалуу үзүрлүү иштеши үчүн зарыл болгон социалдык талап (ченем);
- критерийлер боюнча баалоо - так аныкталган, биргелешип иштелип чыккан, билим берүүнүн максаттарына жана мазмунуна шайкеш келген, окуучулардын компетенттүүлүгүн калыптандырууга түрткү берген, окуу процессинин бардык катышуучулары үчүн мурда белгилүү болгон критерийлер менен салыштырууга негизделген окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоо;
- медиасабаттуулук - билдирүүлөрдү ар кандай формада колдонуу, талдоо, баалоо жана жеткирүү жөндөмдүүлүгү;
- билим берүү - инсанды гармониялуу өнүктүрүү максатында мамлекет тарабынан белгиленген билим деңгээлине жетишин ырастоо менен коштолгон жана тиешелүү документ менен күбөлөндүрүлгөн тарбиялоонун жана окутуунун үзгүлтүксүз системалуу процесси;
- билим берүү чөйрөсү - адамдын ишмердигинин белгилүү чөйрөсүнө таандык, илимий жана практикалык иштин педагогикалык жактан ыңгайлашкан тажрыйбасы түрүндө берилген билим берүүнүн мазмуну;
- билим берүү (окуу) программасы - предметтик стандарттын негизинде иштелип чыккан жана предметтин мазмунунун окутуу темалары, бөлүмдөрү жана мезгилдери боюнча бөлүштүрүлгөн, уюштуруу-педагогикалык шарттарды, анын ичинде болжолдуу календардык-тематикалык пландаштырууну жана окуучулардын жетишкендиктерин баалоонун формаларын жөнгө салуучу документ;
- билим берүү процесси - мугалимдердин түздөн-түз катышуусу менен ар кандай түрдөгү сабактардын формалары жана окуучулардын өз алдынча окуулары, ошондой эле окуучулардын жана бүтүрүүчүлөрдүн сынактары, зачеттору, аттестациялоонун башка түрлөрү сыяктуу окутуунун жана тарбиялоонун уюштурулган процесси;
- билим берүү натыйжасы - негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрдү өздөштүрүү деңгээлинде чагылдырган, билим берүү процессинин белгилүү этабындагы окуучулардын билим алуу жетишкендиктеринин топтому;
- билим берүү чөйрөсү - окуучуларга окутуучу жана тарбиялоочу таасир тийгизген атайын уюштурулган шарттардын, процесстердин жана социалдык өз ара аракеттенүүлөрдүн жыйындысы;
- окутуу - окуучулардын билимди, билгичтикти, көндүмдөрдү жана компетенттүүлүктөрдү өздөштүрүү, билимин күнүмдүк жашоодо колдонууда тажрыйба топтоо жана жашоосундагы билим алууну улантууга жүйөлештүрүү боюнча ишмердигин уюштуруунун максаттуу багытталган процесси;
- белги - символ, окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин баалоонун сандык туюнтмасы;
- баа - окуучуларды баалоонун жыйынтыктарын сандык жана сапаттык чагылдыруусу;
- баалоо - окуучулардын этикалык жана интеллектуалдык өнүгүүсүнө жана алар турмушта зарыл болгон компетенцияларга ээ болуусуна, ошондой эле билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында Мамлекеттик стандартынын талаптарына бул иштин жыйынтыктарынын шайкештигин аныктоо үчүн окуучулар, мугалимдер, ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) менен эки жактуу байланышты жүзөгө ашырууга багытталган окуучулардын билим арттыруучу ишмердигин өлчөө, интерпретациялоо жана талдоо процесси;
- предметтик компетенттүүлүк - билим берүү натыйжаларынын жыйындысы түрүндө айрым предметтин материалында аныкталуучу компетенттүүлүктөр;
- предметтик стандарт - предметтин алкагында окуучулардын билим алуу натыйжаларын, аларга жетишүү ыкмаларын жана ченөө жолдорун регламенттөөчү документ;
- тандоо боюнча предметтер - гимназиялардын/лицейлердин багыттарын аныктоочу жана окуучулардын тандоосуна сунушталуучу окуу предметтери же элективдик, профилдик курстар;
- долбоордук окутуу - практикалык же теориялык маанилүү маселелерди чечүүдө алынуучу, окуучулардын өз алдынча жана топтук ишин талап кылган натыйжаларга багытталган окуучулардын когнитивдик (таанып-билүү), аффективдик (эмоционалдык-баалуулук) жана жүрүм-турумдук ишмердигин уюштурууну камсыз кылуучу педагогикалык технология;
- профилдик билим берүү - окуучулардын келечектеги кесиптик кызыкчылыктарын жана жөндөмдөрүн эске алууга мүмкүндүк берген жогорку класстарда ар кандай программалар (профилдер) боюнча окутуу жүргүзүлгөн жалпы орто билим берүүнү уюштуруу системасы;
- билим берүү системасы - ырааттуу жалпы билим берүү программаларынын, Мамлекеттик жана предметтик стандарттарынын, аларды жүзөгө ашыруучу билим берүү уюмдарынын, ошондой эле билим берүүнү башкаруу органдарынын жана аларга караштуу мекемелердин жана уюмдардын өз ара аракеттенүүчү жыйындысы;
- баалоо системасы - окутуунун жетишкендиктерин өлчөөчү жана көйгөйлөрүн аныктоочу, эки жактуу байланышты түзүүчү, мугалимдерге, окуучуларга, ата-энелерге (мыйзамдуу өкүлдөргө), мамлекеттик жана коомдук түзүмдөргө билим берүүнүн абалын, көйгөйлөрүн жана жетишкендиктерин маалымдоочу негизги каражат;
- билим берүүнүн сапатын баалоо системасы - окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерин, билим берүү уюмдарынын жана алардын системасынын иштеринин натыйжалуулугун, билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн негизги керектөөчүлөрүнүн суранычтарын эске алуу менен билим берүү программаларынын сапатын бирдиктүү концептуалдык-методологиялык базага негизделген баалоону камсыздаган уюштуруучулук жана функционалдык түзүмдөрдүн, ченемдердин жана эрежелердин жыйындысы;
- социалдык-эмоционалдык өнүгүү - окуучуларда өзүнө, башка адамдарга, курчап турган дүйнөгө аң-сезимдүү эмоционалдык оң мамиле кылууну максаттуу өнүктүрүү, өзүнүн жана башкалардын эмоционалдык абалын тең салмактуу колдонууну, ошондой эле коомдо социалдык маанилүү жүрүм-турум көндүмдөрүн өнүктүрүү;
- суммативдик баалоо - окутуунун натыйжаларына окуучулардын жетишкен даражасын аныктоочу белги коюу менен туюндурулат. Суммативдик баалоо учурдагы, орто аралык жана жыйынтыктоочу болушу мүмкүн;
- окутуу технологиясы - билим берүүнүн максаттарына жана натыйжаларына жетишүүгө жана өлчөөгө багытталган окуу процессин уюштуруу ыкмаларынын жана методдорунун системасы;
- билим берүү процессинин катышуучулары - окуучулар, мугалимдер, билим берүү уюмдарынын жетектөөчү жана окутуучу-көмөкчү персоналы, окуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү);
- формативдик баалоо - окуучулардын окуу процессинде кандай деңгээлде экендигин, алар кайсы жерде кыйынчылыктарга дуушар болуп жаткандыгын жана окуучу менен мугалим билим алуу процессин жакшыртуу үчүн кандай кадамдарды жасаш керектиги боюнча мугалимди маанилүү маалымат менен камсыздаган баалоо;
- функционалдык сабаттуулук - адамдын ишмердүүлүгүнүн, баарлашуунун жана коомдук мамилелердин ар кандай чөйрөлөрүндө практикалык жана турмуштук маселелердин кеңири диапазонун чечүү үчүн окуу процессинде алган билимдерин, билгичтигин жана көндүмдөрүн колдоно алуу жөндөмдүүлүгү;
- окутуунун максаты - алдын ала аныкталган жана жазылган окуучунун келечектеги ишинин шарттары жана ыкмалары; билим алуунун натыйжасында ал ээ болгон иштин мүмкүн болуучу түрлөрүнө карата анын жөндөмдүүлүгү;
- мектептик (вариативдик) компонент - окуучулардын керектөөлөрүн жана жөндөмдүүлүгүн эске алуу менен жалпы билим берүү уюму аныктаган, бардык түрдөгү жана менчигинин формасындагы жалпы билим берүү уюмдарында милдеттүү түрдө окутуулучу мектептик жалпы билим берүүнүн базистик окуу планынын түзүмдүк элементи;
- мектептик жалпы билим берүү - баскычтарына шайкеш билимди, көндүмдөрдү, баалуулуктарды жана практикалык көнүгүүлөрдү камсыздаган, бүтүрүүчүнүн коомдо активдүү ишмердүүлүгү үчүн жетиштүү тарбиялоо жана билим берүү системасы.
2-глава. Мектептик жалпы билим берүүнүн максаты, милдеттери жана натыйжалары
6. Мектептик жалпы билим берүүнүн максаты туруктуу өнүгүүгө жана бардыгы үчүн өмүр бою билим алуу мүмкүнчүлүгүн берүүгө керектүү болгон билимдерди жана компетенттүүлүктү окуучулар алуу үчүн сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуу болуп саналат.
7. Мектептик жалпы билим берүүнүн милдеттери:
- инклюзия жана гендердик теңчилик принциптеринде бардык балдардын билимге бирдей жана адилеттүү жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
- окутуунун коопсуз жана өнүктүрүү чөйрөсүн түзүү;
- окуучулардын чыгармачылык жөндөмдөрүн, физикалык, психикалык, социалдык жана руханий-адеп-ахлактык өсүшүн аныктоо жана өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
- окуучуларды адамзаттын илимий жана практикалык жетишкендиктеринин фундаменталдык негиздерин (фундаменталдык өзөгүн) сапаттуу өздөштүрүүсүн камсыз кылуу;
- негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрдү калыптандыруу;
- бирдиктүү жана заманбап илимий дүйнө таанымдын негиздерин калыптандыруу;
- инсандын өз алдынча билим алуу, өзүн-өзү таануу жана өзүн-өзү өнүктүрүү көндүмдөрүн калыптандыруу үчүн өз алдынча изденүү жана окуу-практикалык ишмердүүлүгүн уюштуруу;
- окуучуларды толеранттуу, инклюзивдик жана коопсуз дүйнөнү курууга активдүү катышууга даярдоо;
- окуучулар заманбап экологиялык көйгөйлөрдү, климаттын өзгөрүлүшүн, жоопкерчиликтүү керектөөлөрдү, жаратылышка жана жашыл экономикага аяр мамиле жасоону түшүнүүнү камсыз кылуу;
- санариптик жана медиа-маалыматтык сабаттуулукту өнүктүрүү;
- финансылык жана укуктук маданиятты калыптандыруу;
- тарбиялоону Кыргызстан элинин маданий, руханий-адеп-ахлактык жана үй-бүлөлүк баалуулуктарына ылайык келишин камсыз кылуу;
- окуучуларда билим алуу жана эмгектик мотивацияны, активдүү турмуштук позицияны, өзгөчө кырдаалдарга жана өзгөрүп жаткан дүйнөгө ыңгайлашуу жөндөмүн калыптандыруу;
- окуучуларда көп түрдүүлүк жана теңдик, адам укуктары, басмырлабоо, социалдык катышуу жана айырмачылыктарды сыйлоо баалуулуктарын калыптандыруу.
8. Мамлекеттик стандарт төмөнкү баалуулуктарга багытталган окуучунун инсандык сапаттарын калыптандырууну камсыздайт:
- Ата мекенди сүйүү, улуттук каада-салттарды урматтоо жана Кыргызстандын маданий мурастарын жана жаратылыш байлыктарына аяр мамиле кылуу; глобалдык өз ара байланыштарды түшүнүү;
- негизги демократиялык жана жарандык укуктарды жана эркиндиктерди түшүнүү жана кабыл алуу, эркиндиктин адептик маанисин жоопкерчилик менен ажырагыс байланышта түшүнүү;
- социалдык, саясий жана маданий турмушта толеранттуу жүрүм-турумдун негизи катары маданияттардын көп түрдүүлүгү баалуулуктарын сезе билүү жана кабыл алуу, өз өлкөсүнүн жана дүйнө элдеринин маданий жана руханий баалуулуктарын өздөштүрүү менен эне тилин жана маданиятын үйрөнүү;
- өзүн-өзү сыйлоо жана жеке потенциалды ишке ашыруу жөндөмдүүлүгү, башкаларды сыйлоо, чыр-чатактарды болтурбоо жана өз ара жардамдашуу.
9. Мамлекеттик стандарт негизги компетенттүүлүктөрдүн тизмесин жана калыптануу деңгээлдерин аныктайт.
10. Негизги компетенттүүлүктөр бул конкреттүү предметтердин мазмуну аркылуу калыптануучу жана окуучунун социалдык тажрыйбасында негизделген билим берүүнүн натыйжасы болуп саналат.
11. Билим берүү процессинде негизги компетенттүүлүккө окуучулар төмөнкү шарттарда ээ болушат:
- окуу процесси окуучунун өз алдынчалуулугуна жана жоопкерчилигине багытталган;
- окуучулар окутуу процессинде билим берүү ишинин ар кандай түрлөрүн жана долбоорлук, изилдөөчүлүк, социалдык иштерин жүргүзүүгө камтылган;
- окуучулардын максаттарды алдыга коюу жана жетишүү тажрыйбасына ээ болушу үчүн кырдаалдар түзүлгөн;
- мугалимдер билим берүү ишинде компетенттүү мамилени көрсөтүүдө.
12. Мектептик жалпы билим берүү системасынын негизги компетенттүүлүктөрү болуп төмөнкүлөр саналат:
1) маалыматтык компетенттүүлүк - бул окуучулардын маалыматты өз алдынча издөөгө, талдоого, тандоого, иштеп чыгууга, анын аныктыгын тактоого, жүйөлүү тыянактарды түзүүгө, сын көз караш менен түшүнүүгө жана өз ишин пландаштыруу жана ишке ашыруу боюнча негизделген чечимдерди кабыл алууга даярдыгы жана жөндөмдүүлүгү, керектүү маалыматты алып, аны оозеки жана жазуу формасында, анын ичинде маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу менен берип, көйгөйлөрдү чечүү үчүн диалог түзүү жөндөмдүүлүгү;
2) социалдык-коммуникациялык компетенттүүлүк - өзүнүн умтулуусун башка адамдардын жана социалдык топтордун кызыкчылыктары менен туура келтирүүгө, ар түрдүү позицияларды таануу менен башка адамдардын баалуулуктарына (маданий, диний, этностук, гендердик, кесиптик, инсандык) сый мамиле жасоонун негизинде өзүнүн көз карашын коргой билүүгө даярдыгы; негизги демократиялык жана жарандык укуктарды жана эркиндиктерди түшүнүү жана кабыл алуу, Мекенди сүйүү, улуттук каада-салтты урматтоо, Кыргызстандын маданий мурасына жана жаратылыш байлыктарына аяр мамиле кылуу; маданий көп түрдүүлүктү түшүнүү жана Кыргыз жараны жалпы жарандык окшоштуулукту түзүү;
3) өзүн-өзү таануу жана көйгөйлөрдү чечүү компетенттүүлүгү - өзүнүн потенциалдуу жана актуалдуу касиеттерин, инсандык, жеке өзгөчөлүктөрүн, башка адамдар менен болгон өзүнүн мамилелерин билүү, жекече психологиялык жана жүрүм-турумдук мүнөздөмөлөрүн өзгөртүү боюнча максаттуу багытталган ишке жөндөмдүүлүгү, келечектеги кесиптик ишин тандоо үчүн маалыматтагы, окуу жана турмуштук кырдаалдардагы көйгөйлөрдү жана карама-каршылыктарды табуу жөндөмдүүлүгү, сынчыл ой жүгүртүү көндүмдөрүн жана изилдөөчүлүк, чыгармачыл жана долбоордук иштерди аткаруу үчүн талдоону колдонуу менен аларды чечүүнү пландаштыруу жана өз алдынча же башка адамдар менен өз ара аракеттенүү менен чечүү.
13. Компетенттүүлүктөрдү калыптандыруунун деңгээлдерин аныктоо үчүн негиз болуп окуучунун өз алдынчалыгынын даражасы жана маселелерди чечүүдө иш-аракеттердин колдонулган түрлөрүнүн татаалдыгы саналат.
14. Окутуунун жыйынтыктарын пландаштырууда жана окуудагы жетишкендиктерин баалоодо эске алынуучу негизги компетенттүүлүктөрдү калыптандыруу үч деңгээлге бөлүнөт (1-тиркеме):
1) репродуктивдүү деңгээл окуучулардын үлгүлөрдү (аракеттерди аткаруунун белгиленген алгоритмин) туурап үйрөнгөнү менен мүнөздөлөт;
2) продуктивдүү деңгээл курамы боюнча жөнөкөй ишти аткаруу, иштин өздөштүргөн алгоритмин жаңы кырдаалда колдонуу жөндөмдүүлүгү менен мүнөздөлөт;
3) креативдүү деңгээл өз алдынча конструкциялоо жана негиздөө элементтери менен курамы татаал ишти жүзөгө ашырууну болжолдойт.
15. Окутуунун ар бир баскычында окуучулар курактык жана жеке өзгөчөлүктөрүнө ылайык билим берүү шарттарын эске алуу менен бардык деңгээлдердеги компетенттүүлүктөргө ээ болушат.
3-глава. Окутуунун түзүмүнө жана процессине карата талаптар
16. Мамлекеттик стандартта төмөнкүдөй билим берүү тармактары бөлүнөт, алардын ар бири базистик окуу планында бекитилген предметтерден турат (2-тиркеме):
1) филологиялык;
2) социалдык;
3) математикалык;
4) табигый-илимий;
5) искусство жана технологиялар;
6) ден соолук маданияты.
17. Окутуунун жогорку баскычында окуучуларга профилдик окутуунун багытын тандоого мүмкүнчүлүк берилет.
18. Филологиялык билим берүү тармагы сүйлөө жана ой жүгүртүү ишинин бардык түрлөрүнө ээ болуунун негизинде окуучулардын сүйлөө, тилдик жана социалдык-маданий компетенттүлүктөрүн өнүктүрүүгө багытталган. Тил жана адабият окурман коомун түзүүгө, искусство чыгармаларын интерпретациялоого өбөлгө түзөт.
19. Социалдык билим берүү тармагы окуучуларды өзүн Кыргыз жараны жалпы жарандык окшоштугунун ажырагыс бөлүгү катары өзүн идентификациялоо үчүн инсандык, жарандык, социалдык компетенттүүлүгүн калыптандырууга; азыркы ар түркүн дүйнөдө жашоо үчүн коомдогу жана мамлекеттеги социалдык ролдорун аткарууга жардам берет; дүйнөлүк диндердин тарыхы жана алардын маданияттын өнүгүүсүнө тийгизген таасири жөнүндө жалпы түшүнүктөрдү калыптандырууга багытталат.
20. Математикалык билим берүү тармагы сан жана формада туюнтулган математикалык тилди жана логикалык операцияларды, түзүмдөр жана өз ара мамилелер менен иштөө жол-жоболорун, маалыматты иштеп чыгуунун жана берүүнүн так ыкмаларын өздөштүрүүнү камсыз кылат. Математикалык куралдарга ээ болуу окуучуларга аны күнүмдүк турмушта пайдалануу, табигый процесстерди изилдөө жана сүрөттөө үчүн, жаратылыш жана социалдык көрүнүштөрдүн өз ара байланыштарын карап чыгуу, адамдын иш-аракетинин айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин колдонууга мүмкүнчүлүк берет.
21. Табигый-илимий билим берүү тармагы изилдөө компетенттүүлүгүн (илимий суроолорду таануу жана коюу, кубулуштарды илимий түшүндүрүү, илимий далилдерди пайдалануу) түзүүгө; жандуу жана жансыз жаратылыштын бирдиктүү жана көп түрдүү касиеттерин, организмде, жаратылыш жамааттарда, айлана-чөйрөдө болуп жаткан мыйзам ченемдүүлүктөр жөнүндөгү көрүнүштөрдү түшүнүүгө; туруктуу өнүгүү принциптерин сактоо, ресурстарды үнөмдөөчү жүрүм-турумду ишке ашыруу, климаттын өзгөрүшүнө жана башка коркунучтарга байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу үчүн аракеттердин зарылдыгын билүүгө; жашыл экономиканы куруунун зарылдыгына, ошондой эле жаңы технологиялык чечимдерди иштеп чыгууга жана адамдын берекелүү турмушун камсыз кылуу үчүн интеграциялык мамилени пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө багытталат.
22. "Искусство жана технология" билим берүү тармагы курчап турган дүйнөнүн образдык-эстетикалык көрүнүшүн, өсүп келе жаткан муундун жалпы маданиятын калыптандырууга, улуттук жана дүйнөлүк көркөм баалуулуктардын негизинде окуучулардын руханий-адеп-ахлактык жана эмоциялык чөйрөсүн өнүктүрүүгө; адамдын жашоосундагы искусствонун жана технологиянын ролу жөнүндө негизги түшүнүктөрдү өнүктүрүүгө; санариптик сабаттуулукту, эмгектик, долбоордук, чыгармачылык көндүмдөрдү, көркөмдүк жана эстетикалык дүйнө кабылдоону өнүктүрүүгө багытталат.
Санариптик сабаттуулук программалоо тилдеринин бирин үйрөнүүнүн жана колдонмо программаларды пайдалануу көндүмдөрүнүн эсебинен маалыматтар массивин иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет, ошондой эле кибер мейкиндикте коопсуз жүрүм-турум көндүмдөрүн калыптандырат.
23. "Ден соолук маданияты" билим берүү тармагы адамдын физикалык, эмоциялык жана социалдык саламаттыгын, ден соолукту сактоо жана чыңдоо жаатында практикалык көндүмдөрдү калыптандырууну, жашоо коопсуздугунун жана жарандык коргонуунун негиздерин өздөштүрүүнү камсыздайт.
24. Мамлекеттик стандарттын жана базистик окуу планынын негизинде төмөнкүдөй түзүмү бар предметтик стандарттар иштелип чыгат:
1) жалпы жоболор:
- документтин статусу жана түзүмү;
- жалпы билим берүү уюмдары үчүн ченемдик документтердин системасы;
- негизги түшүнүктөр жана терминдер;
2) предметтин концепциясы:
- окутуунун максаттары жана милдеттери;
- предметти түзүүнүн методологиясы;
- предметтик компетенттүүлүктөр;
- негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрдүн байланышы;
- мазмундуу линиялар, окуу материалдарын мазмундуу линиялар жана класстар боюнча бөлүштүрүү;
- предметтер аралык байланыштар, өтмө тематикалык линиялар;
3) билим берүүнүн жыйынтыктары жана баалоо:
- окуучуларды окутууда күтүлүүчү жыйынтыктар (баскычтар жана класстар боюнча);
- окуучулардын жетишкендиктерин баалоонун негизги стратегиялары жана ченемдери;
4) билим берүү процессин уюштурууга карата талаптар:
- окутуу методикасына коюлган негизги талаптар;
- предметтик стандарттын талаптарын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берүүчү ресурстук камсыздоонун минималдуу талаптары;
- мотивациялоочу жана коопсуз окутуу чөйрөсүн түзүү.
25. Предметтик стандарт жалпы башталгыч, жалпы негизги жана жалпы орто билим берүүнүн жыйынтыктарына коюлган Мамлекеттик стандарттын талаптарын тактайт жана ишке ашырат. Предметтик стандарт билим берүү тармагынын ичинде жолун жолдоочулукту жана ырааттуулукту камсыз кылат.
26. Окуучулардын класстар боюнча чектелген окуу жүктөмү алардын физиологиялык жана психологиялык өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле окуу материалын өздөштүрүү үчүн коюлган талаптарды жана иштин түрлөрүн эске алуу менен беш күндүк окуу жумасында төмөнкүдөй көлөмдө бекитилет:
Класстар | 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 |
Жумалык окуу жүктөмү (окуу сааттары менен) | 21 | 23 | 23 | 23 | 28 | 29 | 30 | 30 | 30 | 30 | 30 |
Чектелген окуу жүктөмү (окуу сааттары менен) | 21 | 23 | 23 | 23 | 29 | 30 | 32 | 33 | 33 | 34 | 34 |
27. Жалпы билим берүү уюмдары менчигинин түрүнө жана формасына карабастан төмөнкү компоненттерди ишке ашырат: мамлекеттик (инварианттык), мектептик (вариативдик) жана тандоо боюнча предметтери (вариативдик) окуучулардын чектелген окуу жүктөмүнүн алкагында.
28. Базистик окуу планы мамлекеттик, мектептик жана тандоо боюнча предметтер компоненттерине бөлүүнүн негизинде мектептик жалпы билим берүүнүн мазмунун калыптандыруу боюнча билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын (мындан ары - билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган), билим берүүнү башкаруунун региондук органдарынын жана жалпы билим берүү уюмдарынын ыйгарым укуктарын жана жоопкерчилигин аныктайт.
29. Мамлекеттик, мектептик жана тандоо боюнча предметтердин компоненттеринин үлүшүнө окуу убакытынын болжолдуу бөлүштүрүлүшү чектелген окуу жүктөмүнүн алкагында төмөнкүдөй схема боюнча жүргүзүлөт:
Класстар | Мамлекеттик компонент (%) | Мектептик компонент (%) | Тандоо боюнча предметтер компоненти (%) |
Башталгыч жалпы билим берүү | 100 | - | - |
Негизги жалпы билим берүү | 90 | 10 | - |
Орто жалпы билим берүү | 85 | 10 | 5 |
30. Мамлекеттик компонент уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан бүт республиканын аймагында бирдиктүү мектептик билим берүү мейкиндигин түзөт.
31. Мектептин жана тандоо боюнча предметтер компоненттери жалпы билим берүү уюмунун өзгөчөлүктөрүн (багытын) чагылдырат жана алар ал өз алдынча аныктайт, ошондой эле окуучулардын жана алардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) макулдугу менен ишке ашырылат.
32. Базистик окуу планынын мамлекеттик, мектептик жана тандоо боюнча предметтер компоненттери тийиштүү бюджеттердин эсебинен (республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден, жеке менчиктин каражаттарынан) каржыланат.
33. Предметтик стандарттар жана базистик окуу план билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
34. Билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жалпы билим берүү уюмдарынын окуу пландарын ушул Мамлекеттик стандарттын 26-пунктуна ылайык ар бир класс үчүн белгиленген чектүү окуу жүктөмүнүн алкагында бекитет.
35. Натыйжага багытталган окуу процесси жана окуучуларда жеке компетенттүүлүктүн топтомун өнүктүрүү окутуунун ар кандай технологияларын активдүү колдонууну талап кылат.
36. Окутуу технологиялары окуучулардын окуудагы өз алдынчалыгын арттырууну жана өз окуусунун натыйжалары үчүн жоопкерчилигин жогорулатууну камсыз кылат. Максатка жетишүү үчүн мугалим консультанттын ролун аткарып, иштин катышуучусу болуп калат.
37. Методикалык мамиледен технологиялык мамилеге өтүүдө окутуу максаттарын коюу ыкмасы өзгөрүлөт. Окутуу максаттары окуучулардын негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрүнүн белгилүү деңгээлине ээ болушунан байкалган окутуу натыйжалары аркылуу баяндалат, аларды мугалим ишенимдүү таанып жана баа бере алат.
38. Компетенттүүлүк мамилесине негизделген предметтик стандарттарды өздөштүрүү үчүн салттуу сабактары менен катар заманбап технологиялар, ошондой эле долбоордук жана изилдөөчүлүк иштер колдонулат.
39. Долбоордук окутуу окуучулар, жалпы билим берүү уюму, коомдоштук үчүн маанилүү болгон көйгөйдү чечүү үчүн пайдаланылат жана окуучулардын өз алдынча ишине багытталып, ал жеке, жупташкан, топтошкон формада белгилүү убакыт ичинде жүзөгө ашырылат. Долбоорду жүзөгө ашырууга ар кандай курактагы топтор катыша алат. Долбоор окуучуларга ар түрдүү маалыматты пайдалануу менен өзүнүн билимин өз алдынча конструкциялоого үйрөнөт, когнитивдик көндүмдөрүн жана социалдык компетенттүүлүгүн өнүктүрөт.
4-глава. Окуу процессин уюштуруу жана анын натыйжалары
40. Мектептик жалпы билим берүү окуучуларда негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрдү калыптандыруу үчүн ар бир билим берүү тармагынын предметтерине үзгүлтүксүз жана ырааттуу окутууну камсыз кылат.
Окутуунун натыйжалары боюнча Мамлекеттик жана предметтик стандарттардын талаптарында белгиленген билим берүү натыйжаларына ээ болгон жалпы башталгыч, жалпы негизги жана жалпы орто билим берүүнүн бүтүрүүчүсүнүн модели түзүлөт.
41. Башталгыч жалпы билим берүү программалары боюнча окутуу мектепке чейинки билим берүү программалары боюнча калыптанган билимдерге жана көндүмдөргө таянат.
Башталгыч жалпы билим берүүнүн бүтүрүүчүсүнүн модели:
- окуунун жана окуганын түшүнүүнүн, жазуунун, курчап турган дүйнөгө байкоо жүргүзүүнүн, өлчөөнүн, эсептөөнүн базалык көндүмдөрүнө ээ болот, маалыматтын ар кандай түрлөрү менен иштөө алгоритмдерин жана бул көндүмдөрдү окуу жана турмуштук маселелерди чечүү үчүн функционалдык колдоно алат;
- мамлекеттик, расмий жана чет тилдердин бирин билет. Тил билүү деңгээлдери: окутуу орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде кыргыз тили - А1 (элементардык, тил чөйрөсү жок болгондо), А1+ (элементардык, тил чөйрөсү болгондо); окутуу кыргыз, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде орус тили - А1 (элементардык, тил чөйрөсү жок болгондо), А1+ (элементардык, тил чөйрөсү болгондо); чет тили - А1 (элементардык);
- жөнөкөй маалыматты тандап алуу көндүмдөрүнө ээ болот;
- адам, жаратылыш жана коом, алардын өз ара байланышы жана өз ара көз карандылыгы жөнүндө жалпы түшүнүктөрү бар;
- өзүн демократиялык коомдун жараны катары сезет, этиканы жана жүрүм-турум ченемдерин сактайт;
- негизги мектепте окууну улантууга максаттуу жана жүйөлүү окуу ишин, өз алдынча жана топтук иштерди жүргүзүү жөндөмүнө ээ;
- социалдык алгылыктуу жүрүм-турум, эмпатия, теңтуштары жана чоңдор менен өз ара аракеттенүү көндүмдөрүнө ээ болот;
- окууда жана турмуштук кырдаалдарда пайда болгон көйгөйлөрдүн себептерин аныктоо, аларды чыр-чатаксыз жолдор менен чечүү жөндөмүнө ээ;
- жеке гигиенанын, сергек жана коопсуз жашоонун элементардык көндүмдөрүнө жана башка "жашыл көндүмдөргө" ээ болот.
42. Негизги жалпы билим берүү программалары боюнча окутуунун негизги максаты дүйнө жөнүндө илимий көз караштардын негиздерин калыптандырууда, окууга мотивацияны жана билим алуу жөндөмүн өнүктүрүүдө, коомдо жашоо үчүн жетиштүү социалдык көндүмдөрдү өздөштүрүүдө болот.
Негизги жалпы билим берүүнүн бүтүрүүчүсүнүн модели:
- мамлекеттик, расмий жана чет тилдердин бирин билет. Тил билүү деңгээлдери: окутуу орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде кыргыз тили - А2+ (баштапкы орто, тил чөйрөсү жок болгондо), В1 (орто, тил чөйрөсү болгондо); окутуу кыргыз, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде орус тили - А2+ (баштапкы орто, тил чөйрөсү жок болгондо), В1 (орто, тил чөйрөсү болгондо); чет тили - А2+ (баштапкы орто);
- коомдо жашоонун социалдык жана маданий ченемдерин колдонуу үчүн зарыл билимге жана көндүмдөргө ээ (үй-бүлө, достор, коомдук жана мамлекеттик түзүмдөр менен өз ара аракеттенүү);
- окуу чөйрөсүндөгү жана коомдогу проблемалуу кырдаалдарды чече алат, өз чечимдеринин кесепеттери үчүн жоопкерчиликти өзүнө ала алат;
- негизделген чечимдерди кабыл алуу үчүн ар кандай булактардан маалыматтарды өз алдынча издөөнү, иштеп чыгууну (анын ичинде маалыматтык технологияларды пайдалануу менен), талдоону жүзөгө ашырат;
- өз алдынча окуу, эксперименталдык, практикалык иштерди уюштуруу көндүмдөрүнө ээ;
- Интернет тармагында маалыматты издөө ыкмаларын билет;
- окуу жана башка иштерди аткаруу үчүн маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын инструменттерин (МКТ-сабаттуулук) билет;
- медиасабаттуулуктун негиздерин билет, маалыматты алуу, чечмелөө, берүү жөндөмүнө ээ, анын ичинде электрондук форматта;
- электрондук маалымдамаларды, энциклопедияларды, мультимедиялык окуу курстарын ишенимдүү колдонот;
- сергек жана коопсуз жашоо мүнөзүнүн көндүмдөрүнө, экологиялык жоопкерчиликтүү жүрүм-турумга ээ;
- тандалган багыт боюнча көркөм-колдонмо искусствосунун көндүмдөрүнө ээ;
- спорттун бир түрү боюнча машыккан.
43. Жалпы орто билим берүү программалары боюнча окутуунун негизги максаты профилдик болуп саналат жана окуучулардын билим алууну улантуу жана өзүнүн жарандык милдеттерин аткаруу үчүн жетиштүү деңгээлде негизги жана предметтик компетенттүүлүккө ээ болуусуна багытталган.
Жалпы орто билим берүүнүн бүтүрүүчүсүнүн модели:
- Мамлекеттик жана предметтик билим берүү стандарттарынын талаптары менен аныктаган деңгээлде жалпы орто билим берүүнүн мазмунуна жана кесиптик кызыкчылыктарга жана жөндөмдөргө ылайык профилдик окутуунун мазмунуна ээ;
- жогорку таанып-билүүчүлүк мотивацияга, кесипти аң-сезимдүү тандоо жөндөмүнө ээ, кесиптик билим берүү программаларын өздөштүрүүгө даяр;
- иштин ар кандай түрлөрүн (окуу, эмгектик) жүргүзө алат: пландоо, долбоорлоо, моделдөө, болжолдоо, изилдөө, ошондой эле окуунун жана өз алдынча окуунун рационалдуу ыкмаларына ээ;
- келечектеги кесиби үчүн керектүү окуу милдеттерин чечүү үчүн ар кандай коммуникативдик билгичтиктерге жана көндүмдөргө ээ, баарлашуу (иштиктүү, жеке) ыкмаларын билет;
- мамлекеттик, расмий жана чет тилдердин бирин билет. Тил билүү деңгээли: окутуу орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде кыргыз тилин - В1 (орто, тилдик чөйрө жок болгондо), В1+ (ортодон жогору, тилдик чөйрө болгондо); окутуу кыргыз, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде орус тилин - В1 (орто, тилдик чөйрө жок болгондо), В1+ (ортодон жогору, тилдик чөйрө болгондо); чет тили - В1 (орто);
- Интернет-сервистери менен иштөөнүн негизги принциптерин билет (электрондук почта, булуттуу сактагыч, социалдык тармактар ж.б.);
- турмуштук проблемаларды чечүүдө жана өзүнүн окуусунун натыйжалуулугун жогорулатууда санариптик технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн ийгиликтүү колдонот;
- маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн программаларды (тизмелер, таблицалар, массивдер) түзөт;

- өзүн-өзү ишке ашыруу, өзүн-өзү таанып билүү, өзүн-өзү сыйлоо, өзүн-өзү контролдоо жөндөмүнө ээ;
- өзүнүн физикалык, психикалык жана адеп-ахлактык саламаттыгын сактоо жана өнүктүрүү боюнча турмуштук стратегияга ээ;
- бир жана/же бирден ашык кесипти өздөштүргөндүгүн ырастаган сертификаты бар.
44. Жалпы билим берүү уюму көп тилдүү билим берүүнү өнүктүрүү үчүн окуу процессин үч тилде: мамлекеттик, расмий жана чет тилдердин биринде уюштурат.
5-глава. Баалоо системасы
45. Билим берүүнүн сапатын баалоо окуучулардын жетишкендиктеринин, билим берүү программаларынын, окутуу процессинин жана билим берүү уюмдарындагы анын ресурстук камсыздалышынын Мамлекеттик жана предметтик стандарттарга жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген билим берүүнүн сапатына карата башка талаптарга шайкеш келүү даражасын аныктоо максатында жүргүзүлөт.
46. Билим берүүнүн сапаты жөнүндө маалыматты чогултуу, сактоо, иштеп чыгуу жана интерпретациялоо процессин кошкондо, билим берүүнүн сапатын контролдоо жана баалоо, ошондой эле ишти аткаруучуларды жана маалыматты берүү формаларын аныктоо жол-жоболорунун регламенти Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.
47. Мектептик жалпы билим берүүнүн сапатын баалоо системасы төмөнкүлөрдү камтыйт:
- окуучулардын жеке натыйжаларын коррекциялоо, окутуунун кийинки баскычына өтүү, аттестациялоо үчүн (билим берүүнүн белгилүү деңгээлине жетүүнү ырастоо) алардын окуудагы жетишкендиктерин баалоо;
- жалпы билим берүү уюмунун жетишкендиктерин баалоо (мугалимдердин же жалпы билим берүү уюмунун ишин баалоо);
- билим берүү системасына мониторинг жүргүзүү жана баалоо.
48. Билим берүү системасын баалоо стандартташтырылган тестерди колдонуу менен ар кандай билим берүү тармактары боюнча башталгыч жана негизги мектептин окуучуларынын окуудагы жетишкендиктерин улуттук изилдөөлөрдү туруктуу жүргүзүү аркылуу ишке ашырылат. Билим берүү системасынын абалына мониторинг жүргүзүү үчүн негизги жана жогорку мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн жыйынтыктоочу аттестацияларынын натыйжалары да пайдаланылат.
49. Жалпы билим берүү уюмун баалоо системасы тышкы жана ички мониторинг жана контроль жүргүзүүнү айкалыштырууга негизделет. Жалпы билим берүү уюмунун билим берүү сапатына мониторинг жана контроль жүргүзүү түздөн-түз жалпы билим берүү уюмунда (өзүнө-өзү баалоо, ички мониторинг) же жалпы билим берүү уюмуна карата тышкы баалоо иши аркылуу жүргүзүлөт.
50. Окуучулардын жеке окуудагы жетишкендиктерин баалоо системасы төмөнкү принциптерге негизделет:
- баалоо системасы киргизилгенге чейин билим берүү натыйжаларын жана аларга жетишүү деңгээлин аныктоо;
- окутууну өркүндөтүүгө жана окуу процессине багыт берүү;
- окуучуларды даярдоо деңгээлине, инструментарийге, баалоо жол-жоболоруна карата бирдиктүү талаптарды иштеп чыгуу;
- Мамлекеттик жана предметтик стандарттарда белгиленген окутуу натыйжаларына окуучулардын жетишкендиктерин баалоо инструменттеринин ылайык келиши;
- баалоо системасын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу процессине мугалимдерди тартуу;
- баалоо критерийлеринин жана жол-жоболорунун ачыктыгын, билим берүү процессинин бардык катышуучулары үчүн натыйжалардын түшүнүктүүлүгүн камсыздоо;
- баалоо системасын туруктуу өркүндөтүү.
51. Окуучулардын жеке окуудагы жетишкендиктерин жана прогрессин өлчөө үчүн баалоонун үч түрү: диагностикалык, формативдик жана суммативдик колдонулат.
52. Диагностикалык баалоо окуучунун прогрессин баалоо үчүн колдонулат. Окуу жылынын ичинде мугалим окуучунун компетенттүүлүгүнүн калыптанышынын баштапкы деңгээлин жетишилген натыйжалар менен салыштырат. Диагностикалык баалоонун жыйынтыгы сыпаттоолор түрүндө катталат, алар жалпыланат жана мугалим үчүн окутуу милдеттерин жана окуучу үчүн окуу милдеттерин коюу аркылуу окуу процессине түзөтүүлөрдү киргизүү жана өркүндөтүү үчүн негиз болот.
53. Формативдик баалоо материалды өздөштүрүшүнүн жекече өзгөчөлүктөрүн (ишти аткаруу темпи, теманы өздөштүрүү ыкмалары ж.б.) эске алуу менен окуучулардын прогрессин аныктоо, ошондой эле ийгиликтерге жетишүү үчүн сунуштамаларды иштеп чыгуу максатында колдонулат. Мугалим формативдик баалоону окутууну өз убагында корректировкалоо, пландаштырууга өзгөртүүлөрдү киргизүү, ал эми окуучу - ал аткарган иштин сапатын жакшыртуу үчүн пайдаланат. Окуучунун прогресси окуучу аткарган конкреттүү иштин негизинде билим берүү тармактарынын алкагында окутуу максаттарында белгиленген белгилүү бир натыйжаларга жетүү катары аныкталат.
54. Суммативдик баалоо окутуунун ар бир баскычы үчүн пландалган натыйжаларга окуучунун жетишүү даражасын аныктоо үчүн кызмат кылат жана учурдагы, орто аралык жана жыйынтыктоочу баалоодон келип чыгат.
55. Жеке аткарылган тапшырмаларды учурдагы баалоо ченемдерине (туура чечимдердин саны, кетирилген каталардын саны, тариздөө эрежелерин сактоо ж.б.) жана мугалим жана/же окуучулардын өздөрү берген айрым иштерди аткаруу критерийлерине жараша жүргүзүлөт.
56. Орто аралык баалоо предметтик стандартта аныкталган иштин түрлөрүнүн негизинде жүргүзүлөт: жазуу иштери/булактар менен иштөө; оозеки жооп/презентация; долбоордук жана/же изилдөө иши; портфолио (жетишкендиктер папкасы) ж.б. Иштин бардык түрлөрү баалоо критерийлеринин негизинде бааланат, милдеттүү болуп саналат жана мугалим тарабынан баалоо планын иштеп чыгууда алдын ала пландалат.
57. Жыйынтыктоочу баалоо календардык планга (чейрек, жарым жылдык, окуу жылы) ылайык жүргүзүлөт, колдонуудагы ченемдерге жана иштелип чыккан баалоо критерийлерине ылайык жазуу түрүндө аткарылат. Милдеттүү иштердин түрлөрүнүн саны жана жыйынтыктоочу баалоодогу алардын салыштырма салмагы мектептик жалпы билим берүү баскычтарын жана предметтердин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен предметтик стандарттар боюнча аныкталат. Иштердин формаларынын ар түрдүүлүгүн мугалим окуучулардын жекече өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен аныктайт.
58. 1-2-класстарда жетишкендиктердин ийгилигин баалоо белги койбостон, сапаттык жана сыпаттоо ыкмаларын пайдалануу менен жүргүзүлөт. Белги коюуну киргизүү 3-класстан башталат, анда белгилер, ошондой эле баалоонун сапаттык жана сыпаттоо ыкмалары да колдонулат.
59. Баалоо максаттарына жетишүү үчүн башталгыч класстардын мугалими:
- позитивдүү эки тараптуу байланышты (окуучунун ишине баяндама берген жазуу түрүндөгү жана оозеки отчеттор) түзөт, окуучуларга азыркы натыйжалары менен мурдагы этаптагы натыйжаларын салыштырууга жардам берет, таанып-билүү процесстерин, жүйөлөштүрүүнү, окуу натыйжасы катары компенттүүлүктү өнүктүрүүгө оозеки баа берет;
- окуучулардын натыйжаларга жетишүүгө жана инсандык өнүгүүсүнө тиешелүү прогресстерине байкоо жүргүзөт жана ар бир окуу жылынын аягында сыпаттоо баасын берет;
- баалоонун ар кандай ыкмаларын жана формаларын, анын ичинде өзүнө-өзү баалоону, өз ара баалоону, сапаттык баалоо инструменттерин (окуучунун портфолиосу, байкоо жүргүзүү, өнүгүү картасы ж.б.) пайдаланат;
- проблемаларды биргелешип чечүү үчүн окуучунун окутуу процессиндеги прогресси жана кыйынчылыктар жөнүндө ата-энелерине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) маалымдайт;
- жыл сайын 3-класстан баштап баалоо менен ар бир окуучунун жетишкендигинин табелин жана коштоочу сыпаттоо формасын даярдайт.
60. Негизги жана орто мектепте баалоо окууга ички мотивацияга дем берүүгө, өзүн-өзү баалоо, өзүн-өзү талдоо жана өз ара баалоо, өз ишине жана башка окуучулардын ишине сын көз караш менен баалоо жүргүзүү көндүмдөрүн калыптандырууга багытталган. Бул максатта белгилер, ошондой эле сапаттык жана сыпаттоо ыкмалары да колдонулат.
61. Баалоо максаттарына жетишүү үчүн негизги жана жогорку мектептин мугалими:
- бааны окутуу натыйжасына жетишүү даражасынын көрсөткүчү катары карайт;
- окуучунун натыйжаларга жетишүүгө жана инсандык өнүгүшүнө тиешелүү прогрессине байкоо жүргүзөт;
- сапаттык жана сандык баалоонун ар кандай формаларын (жеке жана топтук, оозеки жана жазуу түрүндө ж.б.), методдорун, ыкмаларын жана инструменттерин (окуучунун портфолиосу, байкоо жүргүзүү, тесттер, контролдук иштер ж.б.) пайдаланат;
- проблемаларды биргелешип чечүү үчүн окутуу процессиндеги прогресстер жана кыйынчылыктар жөнүндө окуучуларга жана ата-энелерине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) маалымдайт.
62. Башталгыч мектепти аяктаганданда негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрдүн калыптануусунун деңгээлин аныктоо максатында окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин жыйынтыктоочу ички же тышкы баалоо жүргүзүлөт.
63. Негизги жана орто мектепти аяктаганданда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бүтүрүүчүлөрдү мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациялоо, анын ичинен билим берүү уюмуна карата тышкы агенттик тарабынан өткөрүлүүчү жетишкендиктердин стандартташтырылган тесттери формасында өткөрүлөт.
|
| Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына 1-тиркеме |
Негизги компетенттүүлүктөрдүн аспекттери жана деңгээлдери
Маалыматтык компетенттүүлүк
Аспект | Репродуктивдүү | Продуктивдүү | Креативдүү |
Милдетти чечүүгө ылайыктуу булактарды издөө | Көрсөтүлгөн издөө параметрлерин жолдоо менен маалымат табат | Берилген суроо боюнча маалымат булагын өз алдынча табат | Коюлган иштөө милдеттерине ылайык маалыматты издөөнү пландайт, анын жүрүшүндө изделген маалыматты колдонуу керек; - тигил же бул булактарды пайдаланууну негиздейт |
Коюлган милдетти чечүү үчүн кандай маалымат бар экендигин жана кандай маалымат жок экендигин аныктайт | Берилген ашыкча маалыматтын арасынан милдетти чечүү үчүн керектүүсүн тандайт | Иштин милдетине жараша тигил же бул типтеги маалыматты пайдаланууну негиздейт; - милдетти чечүү үчүн жетиштүү жана шайкештик көз карашы менен алынган маалыматты сын көз менен баалайт; - маалыматтык издөөнү аяктоо жөнүндө чечимди өз алдынча жана аргументтештирүү менен кабыл алат | |
Маалымдаманы, энциклопедияны колдонот, мазмуну боюнча китепти, ал эми билим берүү сайттарында - шилтемелерди жетекчиликке алат | Карталык жана электрондук каталогдорду, Интернеттеги издөө системаларын колдонот; - библиографиялык басылмаларды, мезгилдүү басылмалардын тизмесин колдонот | Берилген маалыматты кайсы булактардан издөө керектигин көрсөтөт же милдетке ылайык маалымат издөө булагын мүнөздөйт | |
Маалыматты чыгаруу жана алгачкы иштетүү | Маалыматты бир же бир нече булактардан, анын ичинде оозеки сөздөн бир негиз боюнча маалымат алып чыгат жана белгиленген түзүмдүн алкагында аны системага салат | Бир же бир нече булактардан, анын ичинде оозеки сөздөн эки жана андан ашык негиздер боюнча маалымат алып чыгат жана анда берилген түзүмдүн алкагында системага салат, өз алдынча суроо берүү менен диалогдо кошумча маалымат алат, бир тема боюнча маалыматтарды баштапкы системага салуу үчүн жөнөкөй түзүмдү өз алдынча берет | Бир же бир нече булактардан эки жана андан ашык негиздер боюнча маалыматты алып чыгат жана маалыматты издөө милдетине ылайык өз алдынча аныкталган түзүмдө аны системага салат |
Монологдогу, диалогдогу, дискуссиядагы (топтогу) маалыматтын негизги мазмунун кабыл алат, негизги ойду, анык маалыматты аныктайт | Берилген суроо боюнча маалыматты алып чыгат, мында анык эмес маалыматты, себептин жана натыйжанын байланыштарын, сүйлөөчүнүн мамилесин бир булакка таандык статистикалык булактагы окуяларга (схема жана таблицаларды колдонуу менен) аныктайт | Бир жана андан көп булактан анык эмес маалыматты алып чыгат өз алдынча пландайт, себептин жана натыйжанын байланыштарын аныктайт, окуяларга аргументтүү баа берет (схема жана таблицаларды колдонуу менен) | |
Графикалык жана символдор менен берилген жөнөкөй маалыматтарды алып чыгарат | Маалыматты графикалык же символикалык чагылдыруудан текстке жана тескерисинче которот | Санариптик технологияларды колдонуу менен графикалык же символикалык чагылдырылган маалыматты текстке которот жана тескерисинче көрсөтөт | |
Маалыматтарды иштеп чыгуу жана анын негизинде чечимдерди кабыл алуу | Маалыматтын жетишсиздигин же өзүнүн маалыматты түшүнбөстүгүн көрсөтүү менен суроолорду берет | Маалыматтын аныктыгын текшерүүнү мугалим сунуш кылган ыкма менен жүзөгө ашырат | Текшерүүгө зарыл болгон маалыматты өз алдынча көрсөтөт жана маалыматтын аныктыгын ар түрдүү компьютердик программалардын жана интернет сайттардын жардамы менен текшерүү ыкмасын колдонот |
Маалымат булагынан белгилүү тыянактарды негиздеген аргументтерди бөлүп көрсөтөт | Берилген критерийлер боюнча алар жөнүндө маалыматты салыштырып талдоонун негизинде объекттер, процесстер, кубулуштар жөнүндө тыянак чыгарат, интерпретациялайт, конкреттүү шарттарда жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрдү колдонуу жөнүндө тыянак чыгарат | Маалыматты салыштырып талдоонун негизинде объекттер, процесстер, кубулуштар жөнүндө тыянак чыгарат, баа берет, интерпретациялайт, санариптик технологиялардын жардамы менен тандалган эмпирикалык маалыматтардын негизинде жалпылоону жасайт | |
Маалыматтарды берүү | Алынган маалыматты так баяндап берет | Санариптик технологияларды колдонуу менен башка формада чечилип жаткан көйгөйдүн контекстинде алынган маалыматты баяндайт | Маалыматты берүү стратегиясын өз алдынча иштеп чыгат жана аны берилген милдетти, аудиторияны жана башкаларды эске алуу менен сунуштайт |
Берилген алгоритм боюнча маалыматты көрсөтөт, бир форматтан экинчисине өткөрөт | Берилген жанрда маалыматты оозеки сүйлөө же жазуу жүзүндө продукт түрүндө көрсөтөт | Санариптик технологияларды колдонуу менен түшүнүүнү жеңилдеткен формада маалыматты берүү формасын өз алдынча тандайт | |
Медиасабаттуулук жана маалыматтык коопсуздук | Маалыматты коопсуз издөө жана сактоо боюнча мугалимдин көрсөтмөлөрүн жетекчиликке алат, тармакта кибербуллинг же башка маалымат коркунучтары бар болсо, жардам сурап кайрылат | Алынуучу маалыматка сын көз караш менен мамиле кылат, маалыматтын аныктыгын жана ишенимдүүлүгүн өз алдынча талдайт, кибербуллингге жана башка маалыматтык коркунучтарга каршы тура алат | Фейк маалымат менен так жана ишенимдүү маалыматтарды айырмалай алат, маалыматтын коопсуздук жана ишенимдүүлүк критерийлерине жооп берүүчү медиатексттерди ар кандай түрдө жана формада пайдаланат жана өзү түзө алат, кибербуллингге жана башка маалыматтык коркунучтарга каршы тура алат |
Социалдык-коммуникативдик компетенттүүлүк | |||

Социалдык жана коммуникативдик кырдаалды талдоо | Стандарттуу коммуникативдик кырдаалда өзүнүн жана өнөктөштөрдүн ролун жана позициясын аныктайт (мен киммин, кандай максаттар бар, катышуучулар кимдер, алар жөнүндө эмнелерди билем) | Коммуникативдик кырдаалда өзүнүн позициясын жана катышуучулардын позицияларын, алардын социалдык ролдорун жана сырттан коммуникативдик максат коюлган ниеттер менен байланыштырат, алардын мүмкүн болгон позицияларын, ролдорун, сүйлөө кептик амплуасын жана ниетин аныктайт | Коммуникациянын катышуучуларынын социалдык ролун жана анын мүмкүн болгон өнүгүүсүн эске алуу менен кырдаалды өз алдынча баалайт жана болжолдойт |
Коммуникативдик ишти пландоо жана даярдоо | Стандарттуу планга ылайык өзүнүн жүрүм-турумун жана коммуникативдик милдеттерди аныктайт | Стандарттуу кырдаалда өзүнүн коммуникативдик жүрүм-турумунун планын түзөт | Коммуникативдик кырдаалдын өнүгүү божомолуна жана коомдо кабыл алынган ченемдердин негизинде маалыматты оозеки же жазуу жүзүндө берүү ыкмасын тандайт |
Берилген түзүмдүн негизинде чыгып сүйлөө сөзүн планын даярдайт; - максатты, максаттуу аудиторияны жана сүйлөө жанрын эске алат | Коммуникативдик милдетке ылайык мазмунун түзөт жана оозеки же жазуу жүзүндөгү тексттин түзүмүн аныктайт (максат - аудитория) | Коммуникативдик кырдаалга жараша коммуникативдик милдетти (максат - роль - аудитория) өз алдынча ишке ашырат | |
Социалдык ченемдерди эске алуу менен коммуникативдик милдеттерди ишке ашыруу | Коюлган коммуникативдик милдетке жана берилген социалдык ролго ылайык берилүүчү маалыматтын мазмунун түзөт | Коюлган коммуникативдик милдетке ылайык берилүүчү маалыматтын мазмунун түзөт жана өзүнүн социалдык ролун тандайт | Коммуникациянын катышуучуларынын курамын, алардын позициясын жана социалдык тажрыйбасын эске алуу менен өзүнүн социалдык ролун жана коммуникативдик милдетин өз алдынча аныктоо менен берилүүчү маалыматтын мазмунун түзөт |
Берилген үлгү боюнча жөнөкөй түзүмдүн аргументин түзөт | Өзүнүн позициясын түшүндүрүү менен аргументтерди келтирет | Талкуулоо үчүн коюлган позициянын "макул" жана "каршы" аргументин түзөт, өзүнүн позициясынын негиздемесин берет | |
Өзүнүн оюн стандартка ылайык берилген үлгү боюнча оозеки жана жазуу түрүндө тариздейт | Коммуникациянын коюлган максатына жана дарек ээсине ылайык белгилүү бир жанрдын жана түзүмдүн оозеки жана жазуу жүзүндөгү формаларында (белгилүү формалардын ичинен) стандарттарга ылайык өз оюн тариздейт | Коммуникативдик кырдаалга ылайык максатты, дарек ээсин жана коммуникациянын жанрын өз алдынча аныктоо менен оозеки жана жазуу жүзүндөгү формаларда иштелип чыккан маалыматтарды тариздейт | |
Башкаларга (башкалар тарабынан) оозеки же жазуу түрүндө берилген маалыматты кабыл алат | Башкаларга (башкалар тарабынан) берилген маалыматты кабыл алат, маалыматтын мазмунун тандалган формада (оозеки же жазуу жүзүндө) берет | Башкаларга (башкалар тарабынан) оозеки же жазуу жүзүндө берилген маалыматты адекваттуу чечмелейт | |
Мугалим тарабынан белгиленген коммуникациянын форматында өнөктөш (өнөктөштөр) менен өз ара аракеттенүүнү колдойт | Коммуникациянын бир нече форматтарын билет жана сапаттуу кайталайт, баарлашуу процессинде пайда болгон психологиялык тапшырмаларды чечет | Коммуникациянын ар кандай форматтарын билет, аларды коммуникативдик жана социалдык кырдаалга ылайык өз алдынча тандай алат | |
Социалдык кесепеттерин эске алуу менен коммуникациянын ийгилигин баалоо (рефлексия) | Жүргүзүлгөн коммуникациянын күчтүү же алсыз жактарын белгилейт | Коммуникациянын натыйжаларын талдайт жана катышуучулардын позицияларынын күчтүү жана алсыз жактарын белгилейт | Катышуучулардын позицияларынын жана ага өзүнүн катышуусунун күчтүү жана алсыз жактарын белгилөө менен коммуникациянын натыйжаларын талдайт |
Эмоционалдык деңгээлде жүргүзүлгөн коммуникациянын баалайт ("жакты" - "жаккан жок"), мисалдарды келтирет; - өз максаттарына жетүүнүн негизинде коммуникацияны баалайт | Коммуникациянын айрым аспекттерин баалайт жана негиздейт; - коммуникациянын аны жүзөгө ашыруунун социалдык контекстин эске алуу менен баалайт | Жүргүзүлгөн коммуникациянын маанилүүлүк, натыйжалуулук даражасын өзү үчүн баалайт: - эмнени билдим; - эмнени түшүндүм; - эмнени үйрөндүм; - маектештин позициясын чагылдырат жана башка адамдар менен коммуникация түзүү үчүн алган тажрыйбасын колдонуу менен өз ара аракеттенүүнүн коммуникативдик жана социалдык жагы жөнүндө жыйынтык чыгарат | |
Өзүн-өзү таануу жана проблемаларды чечүү компетенттүүлүгү | |||

Өзүн-өзү сезүү | Өз ойлорун жана сезимдерин тиешелүү сөздөр/терминдер менен билдирет; - өзүнүн инсандык касиеттерин аныктай алат (өзүнө жана айлана-чөйрөгө болгон мамилеси) | Өзүнүн кызыгууларын, кызыкчылыктарын, мотивдерин, анын өзү жана дүйнөдөгү өзүнүн орду жөнүндө элестетүүсүн аныктаган баалуулуктарды калыптандырат; - өзүн инсан катары көрсөтүүгө байланышкан ар кандай кырдаалдарда өзүнүн эмоциялык абалын, басымдуулук кылган сезимдерин сыпаттайт | Өзүн-өзү тарбиялоо программасын түзөт; - өзүн лидер катары сезүү жана иштин натыйжасы үчүн өз жоопкерчилигине болгон ички ишеним аркылуу ар кандай кырдаалда жоопкерчиликти өзүнө ала алат |
Өзүнө байкоо жүргүзүү | Эң күчтүү жана жаркын эмоцияларын жана сезимдерин атай алат, аларды класста/топто талкуулай алат; - сунушталган алгоритмди колдонуу менен өзүнө байкоо жүргүзөт | Турмуштук кырдаалда өзүнүн жүрүм-турумун сыпаттайт, өзүнүн ойлорун, эмоцияларын, ишинин мотивацияларын калыптандырат; - өзүнүн жүрүм-турум стратегияларын, тоскоолдуктарды жана аларды баарлашууда жана иштин башка түрлөрүндө жеңүү ыкмаларын сыпаттай алат | Өзүнө байкоо жүргүзүүнүн негизинде эң күчтүү эмоцияларын жана сезимдерин ачып берет, алардын пайда болушунун себептерин аныктайт; - эмоцияны башкаруу жөндөмүн көрсөтөт |
Өзүн-өзү талдоо | Өзүн-өзү талдоо алгоритминин негизинде жашоодогу/окуудагы абалын талдай алат; - жеке, окуу чөйрөсүндөгү ийгиликтеринин/ийгиликсиздиктеринин себептерин талдайт, өз ишин сунушталган үлгү боюнча түзөт | Иштин ар кандай чөйрөлөрүндө өзүнүн жөндөмүн талдайт; - өз ишин талдоонун негизинде келечекке пландарды түзөт; - жеке, окуу, эмгек ишинде жана баарлашууда пландарды ишке ашыруу үчүн өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө баа берет | Өзүн-өзү талдоону өз алдынча жүргүзүүгө жөндөмдүү; - форматты билет, күндөлүк жаза алат жана өзүн-өзү талдоонун негизинде өзүн-өзү таануу, өзүн-өзү өнүктүрүү жана башкалар менен өз ара аракеттенүү үчүн өзүнүн ишинин стратегиясын түзө алат; - кесипти аныктоодо педагог/психолог менен биргеликте иштейт жана өзүнүн жөндөмдөрүн жана артыкчылыктарын талдоонун негизинде иш чөйрөсүн/кесибин тандайт; - башка адамдар менен болгон мамилелердеги, окуудагы өз ишине баа берет жана кырдаалга жараша өз ара аракеттенүү/ишинин стратегияларын колдонот; - өзүнүн күчтүү жана алсыз жактарын түшүнүү менен стресстик жана чыр-чатактык кырдаалдарда аракеттерди кыла алат |
Көйгөйдү аныктоо | Көрсөтүлгөн параметрлерге ылайык сунушталган кырдаалды талдайт | Керектүү кырдаалды негиздейт, реалдуу кырдаалды талдайт жана керектүү жана реалдуу кырдаалдын ортосундагы карама-каршылыкты аныктайт | Кырдаалга өз алдынча жүргүзгөн талдоонун негизинде проблеманы аныктайт жана түзөт Проблеманын талдайт (анын болушунун себептерин жана мүмкүн болуучу кесепеттерин көрсөтөт) |
Маалыматтагы же кырдаалдагы карама-каршылыктарды табат (белгилейт) | Проблеманын болушунун айрым ыктымал болгон себептерин көрсөтөт | ||
Реалдуу жана керектүү кырдаалдарды жалпысынан баяндап, алар эмнеде айырмалана тургандыгын көрсөтөт | Берилген логикалык схемалардын негизинде реалдуу жана керектүү кырдаалдарды талдайт | Проблемаларда чечүүнүн мүмкүн болгон жолдорун иштеп чыгат жана негиздейт | |
Максаттарды коюу жана пландаштыруу | Белгиленген максаттын шарттарында милдеттерди коет | Берилген проблемага адекваттуу максатты коет | Проблемаларды чечүүнүн альтернативдүү жолдорун талдоонун негизинде максат коет |
Коюлган милдетти чечүү үчүн сунушталган иштин түрлөрүн тандайт | Максаттарга шайкеш келген милдеттерди коет | Максатка жетүүдө пайда болушу мүмкүн болгон тобокелдиктерди жана тоскоолдуктарды көрсөтөт, коюлган максатка жетүү мүмкүнчүлүгүн негиздейт | |
Милдетти чечүү боюнча кадамдардын ырааттуулугун түзөт | Аны баалоо үчүн көрсөтүлгөн критерийлердин негизинде өз ишинин продуктусун (мүнөздөмөлөрүн сүрөттөө менен) өз алдынча пландаштырат |
| |
Милдеттерди чечүүдө алгоритмди тандоо | Жазуу жүзүндө жана оозеки нускамалар боюнча иш-аракеттердин ырааттуулугун туура чагылдырат | Мурда белгилүү болгондордун ичинен милдетти чечүү ыкмасын тандайт же конкреттүү милдетти чечүү үчүн белгилүү алгоритмдин бөлүгүн тандайт жана иш-аракеттин планын түзөт | Болгон алгоритмдердин комбинациясына негизделген кадамдардын жаңы ырааттуулугун пландаштырат |
Ресурстарды пландаштыруу жана уюштуруу (ички жана тышкы) | Белгилүү ишти аткаруу үчүн керектүү ресурстарды атайт | Коюлган милдетти чечүү үчүн зарыл болгон ички жана тышкы ресурстарды пландаштырат (убакыттык, маалыматтык, материалдык ж.б.) | Ар кандай ресурстарды талдайт жана милдетти чечүү үчүн тигил же бул ресурсту пайдалануунун натыйжалуулугун негиздейт |
Иштин жана продуктунун натыйжаларын баалоо | Сырттан коюлган алгоритм боюнча өз ишин контролдойт | Иш планына ылайык келүүсүнө өз ишин өз алдынча контролдойт | Максатка жетүү көрсөткүчтөрүн аныктайт жана негиздейт |
Өз ишинин продуктусун белгиленген критерийлер боюнча белгиленген ыкма менен баалайт; - үлгүнүн мүнөздөмөсү менен алынган продуктту салыштырат жана алардын шайкештик деңгээли жөнүндө тыянак чыгарат | Иш максатына ылайык өз алдынча аныкталган критерийлер боюнча өз ишинин продуктусуна баа берет | Учурдагы контролдоонун жыйынтыктары боюнча өзүнүн ишине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү негиздүү сунуш кылат (четке кагат) | |
Рефлексия (өзүн-өзү баалоо) | Өз ишинин күчтүү жана алсыз жактарын көрсөтөт; - өз ишинин мотивдерин көрсөтөт | Ишиндеги ийгиликтердин жана кемчиликтердин себептерин көрсөтөт; - милдеттерди чечүүдө кездешкен кыйынчылыктарды атап чыгат, мындан аркы ишинде аларды жеңүү/болтурбоо жолдорун сунуш кылат; - чечим кабыл алууда өзүнүн мотивдерин жана тышкы кырдаалды талдоого алат | Башка милдеттерди чечүүдө алган билимдерин, көндүмдөрүн, тажрыйбасын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн аргументтейт |
|
| Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына 2-тиркеме |
Билим берүү тармактарын калыптандыруунун принциптери жана негиздери
Коомдун экономикалык жана саясий системаларынын алмашуусу | Тез арада адаптациялоону жана көйгөйлөрдү чечүү көндүмдөрүн, чакырыктарга жоопторду талап кылган тез өзгөрүп жаткан (глобалдык) дүйнө | Санариптик коомду, башкаруунун автоматташкан системаларын жана интернет технологияларды өнүктүрүү | Климаттын өзгөрүшүнө жана жакшы эмес экологияга байланыштуу айлана-чөйрөнүн чакырыктары. Ресурстарды үнөмдөөчү (энергия, суу ж.б.) технологияларга өтүү зарылдыгы | Өлкөнүн, региондун, дүйнөнүн маданий көп түрдүүлүгү | Кыргызстандын экономикасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу зарылчылыгы. Жаңы технологияларды өздөштүрүү, технологиялык ой-жүгүртүүнү өнүктүрүү | Ар кандай кызыкчылык топторунун муктаждыктарын эске алуу жана билим берүү системасы үчүн макулдашылган социалдык заказды иштеп чыгуу зарылчылыгы | Өмүр бою сапаттуу, анын ичинде инклюзивдик жана көп тилдүү билим алууга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу зарылчылыгы | |
Баалуулук көрсөтмөлөрү | ||||||||
Патриотизм, Ата Мекенди урматтоо жана сүйүү | Демократиялык жана жарандык укуктар, адам укуктары, теңдик, басмырлабоо, социалдык кошулуу (инклюзия), эркиндиктер жана социалдык жоопкерчилик | Маданияттардын көп түрдүүлүк баалуулугун таануу, өз өлкөсүнүн жана дүйнө элдеринин маданий жана рухий баалуулуктарын өздөштүрүү менен эне тилине жана маданиятына тартуу | Өзүн-өзү урматтоо жана жеке потенциалды жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгү | Ден соолук жана айлана-чөйрөнүн коопсуздугу | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Билим берүү тармактары | |||||
Филологиялык | Социалдык | Табигый-илимий | Математикалык | Искусство жана технология | Ден соолук маданияты | |
Башталгыч жалпы билим берүү | 1. Кыргыз тили жана окуу. 2. Орус тили жана окуу. 3. Эне (кыргыз, орус, өзбек, тажик) тили жана окуу. 4. Чет тили | 1. "Мен жана дүйнө" (мекен таануу, табият таануу, турмуш тиричилик коопсуздугунун негиздери, этика) | 1. Математика | 1. Көркөм-сүрөт чыгармачылыгы. 2. Музыка | 1. Дене тарбия | |
Негизги жалпы билим берүү | 1. Кыргыз тили. 2. Орус тили. 3. Эне (кыргыз/орус/өзбек/тажик) тили. 4. Кыргыз жана дүйнө адабияты. 5. Чет тили | 1. Тарых (Кыргызстандын тарыхы жана дүйнөлүк тарых). 2. Диндердин өнүгүү тарыхы. 3. Адам жана коом | 1. Табият таануу. 2. Биология. 3. Химия. 4. Физика. 5. География | 1. Математика. 2. Алгебра. 3. Геометрия | 1. Технология. 2. Көркөм-сүрөт чыгармачылыгы. 3. Музыка 4. Информатика. | 1. Дене тарбия |
Орто жалпы билим берүү | 1. Кыргыз тили. 2. Орус тили. 3. Эне (кыргыз/орус/өзбек/тажик) тили. 4. Кыргыз жана дүйнө адабияты. 5. Чет тили | 1. Тарых (Кыргызстандын тарыхы жана дүйнөлүк тарых). 2. Диндердин өнүгүү тарыхы. 3. Адам жана коом | 1. Биология. 2. Химия. 3. Физика. Астрономия. 4. География | 1. Алгебра. 2. Геометрия | 1. Информатика | 1. Дене тарбия. 2. Аскерге чейинки даярдык |
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-мартындагы № 131 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ