Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫ, ЭКОЛОГИЯ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КӨЗӨМӨЛ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2024-жылдын 3-апрели № 107-б
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмесин бекитүү жөнүндө
Коррупциянын келип чыгуу тобокелдигин төмөндөтүү максатында, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 4-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы № 293 «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар тууралуу токтомуна, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинине ылайык, буйрук кылам:
1.Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде (мындан ары - Министрлик) коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеси (мындан ары - Тизме) ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2.Министрликтин түзүмдүк, ведомстволук жана регионалдык бөлүнүштөрүнүн жетекчилери Министрликтин Тизмесине ылайык төмөндөгүлөр боюнча туруктуу негизде иш жүргүзсүн:
1) бар болгон коррупциялык тобокелдиктери азайтуу боюнча;
2) ишмердиги коррупциялык тобокелдикке дуушар болгон функциялар менен байланышкан кызматкерлердин коррупцияга каршы укуктук аң-сезимин жогорулатуу боюнча.
3. Кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо жана коррупциянын келип чыгуу тобокелдигин төмөндөтүү максатында Министрликтин адам ресурстарын башкаруу бөлүмү эки жылда бир жолудан көп эмес мамлекеттик кызматчыларды ротациялоонун планын түзсүн.
4. Ченемдик-укуктук камсыздоо башкармалыгы:
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- буйруктун көчүрмөсүн күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.
5. Министрдин орун басарлары бул буйруктун тескөөгө алынган түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан аткарылышын контролго алышсын.
6. Документтик камсыздоо бөлүмү бул буйрук менен түзүмдүк, ведомстволук жана регионалдык бөлүнүштөрдүн жетекчилерин тааныштырсын.
7. Министрликтин санариптештирүү бөлүмү милдеттүү түрдө расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн:
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында;
- Министрликтин официалдуу веб-сайтында.
8. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 10 (он) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
9. «Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын Тизмесин бекитүү жөнүндө» Министрликтин 2023-жылдын 20-сентябрындагы № 254-п буйругу күчүн жоготту деп эсептелсин.
10. Бул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Министр |
| М.Ж. Тургунбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги № 107-п буйруктун тиркемеси |
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде (мындан ары – КР ЖРЭТКМ) коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын
ТИЗМЕСИ
№ п / п | Мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын функциялары (ыйгарым укуктары)
| Коррупция пайда болуу тобокелдиги бар учурлар жана кырдаалдар | Коррупциялык тобокелдиктин категориясы: системалык (реалдуу), потенциалдуу, кырдаалдык | Коррупциялык тобокелдиктин деңгээли (төмөн, орто, жогорку) | Түзүмдүк бөлүмдүн (борбордук аппараттын, аймактык же ведомстволук бөлүмдүн, мекеменин) аталышы | Коррупция тобокелдигине кабылган кызмат орундары | Башка мамлекеттик органдарда/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктин пайда болушу мүмкүнбү (эгер андай болсо, кайсынысында көрсөтүлсүн)
|
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
Контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары | |||||||
1 | Чарбалык субъекттер тарабынан иштин лицензиялануучу жана башка түрүн жүзөгө ашырууда экологиялык талаптардын жана эрежелердин сакталышын контролдоо жана көзөмөлдөө. | Текшерүү учурунда документтерди кароо, курчап турган чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү документтерди кароо; - текшерүүлөрдү жүргүзүү учурунда -эреже бузуу фактыларын жашыруу; текшерүү жүргүзүлүп жаткан ишкердик субъекттеринин өкүлдөрү менен тил табышууга жол берилет. | Системалык | Жогорку | Түзүмдүк (ББ, ААКБ), ведомстволук (ЭТКК) жана региондук бөлүнүштөр | Департаменттердин жана кызматтардын директорлору, директордун орун басарлары, башкармалыктардын башчылары, башкармалыктардын башчыларынын орун басарлары, бөлүмдөрдүн, секторлордун башчылары, башкы адистер, жетектөөчү адистер, башкы инспекторлор, улук инспекторлор, инспекторлор. | Бул тобокелдиктер КР ЖРЭТКМнин иш-аракеттерине тиешелүү |
2 | Айлана-чөйрөнү коргоо маселелери боюнча долбоордук чечимдердин (документтердин), чарба субъекттеринин иштин лицензиялануучу жана башка түрүнүн авариялык же башка кооптуу кырдаалдарын болтурбоо боюнча иш-чаралардын жаратылышты пайдалануучулар тарабынан аткарылышын контролдоо жана көзөмөлдөө. | Текшерүү учурунда ишкердик субъекттеринин ишин текшерүү, айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү документтерди кароо; - ар кандай текшерүүлөрдү жүргүзүү учурунда мыйзам бузуу фактыларын жашыруу; -текшерүү жүргүзүлүп жаткан ишкердик субъекттеринин өкүлдөрү менен тил табышууга жол берүү. | Системалык | Жогорку | Түзүмдүк (ББ, ААКБ), ведомстволук (ЭТКК) жана региондук бөлүнүштөр | Департаменттердин жана кызматтардын директорлору, директордун орун басарлары, башкармалыктардын башчылары, башкармалыктардын башчыларынын орун басарлары, бөлүмдөрдүн, секторлордун башчылары, башкы адистер, жетектөөчү адистер, башкы инспекторлор, улук инспекторлор, инспекторлор. | Бул тобокелдиктер КР ЖРЭТКМнин жана иш-аракеттерине тиешелүү |
3 | Жер жана суу объектилеринин пайдаланылышына жана корголушуна, суулардын сапатынын ченемдеринин, суу коргоо зоналарынын, тилкелеринин, топурактарынын жана жерлеринин сакталышын контролдоо жана көзөмөлдөө. | Текшерүү учурунда ишкердик субъекттеринин ишин текшерүү, айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү документтерди кароо. | Системалык | Жогорку | Түзүмдүк (ББ, ААКБ), ведомстволук (ЭТКК) жана региондук бөлүнүштөр | Департаменттердин жана кызматтардын директорлору, директордун орун басарлары, башкармалыктардын башчылары, башкармалыктардын башчыларынын орун басарлары, бөлүмдөрдүн, секторлордун башчылары, башкы адистер, жетектөөчү адистер, башкы инспекторлор, улук инспекторлор, инспекторлор. | Бул тобокелдиктер КР ЖРЭТКМнин жана айыл чарба министрлигинин ишине тиешелүү |
4 | Саркынды сууларды тазалоо, атмосфералык абага чыгаруулар, тазалоонун натыйжалуулугу боюнча жаратылышты коргоочу курулмалардын ишинин технологиялык регламенттеринин сакталышын контролдоо жана көзөмөлдөө. | Текшерүү учурунда ишкердик субъекттеринин ишин текшерүү; - ишкердик субъекттеринин ишин текшерүү, айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү документтерди кароо. -ар кандай текшерүүлөрдү жүргүзүү учурунда эреже бузуу фактыларын жашыруу; -текшерүү жүргүзүлүп жаткан ишкердик субъекттеринин өкүлдөрү менен тил табышууга жол берүү. | Системалык | Жогорку | Түзүмдүк (ББ, ААКБ), ведомстволук (ЭТКК) жана региондук бөлүнүштөр | Департаменттердин жана кызматтардын директорлору, директордун орун басарлары, башкармалыктардын башчылары, башкармалыктардын башчыларынын орун басарлары, бөлүмдөрдүн, секторлордун башчылары, башкы адистер, жетектөөчү адистер, башкы инспекторлор, улук инспекторлор, инспекторлор. | Бул тобокелдиктер КР ЖРЭТКМнин, ЖӨАБ жана РМА иштерине тиешелүү.
|
5 | Экологиялык маалыматтын толуктугун жана тууралыгын камсыз кылууга контролду жана көзөмөлдү жүзөгө ашыруу; - жаратылышты пайдалангандыгы үчүн, айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн (калдыктарды чыгаргандыгы, таштандылар жайгаштыргандыгы) төлөмдөрдүн эсептеринин тууралыгын текшерүү; - экологиялык ченемдерди жана талаптарды бузуунун натыйжасында келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо; - иштин лицензиялануучу түрүн жүзөгө ашырууда экологиялык талаптардын жана эрежелердин сакталышын контролдоо жана көзөмөлдөө. | Текшерүү учурунда ишкердик субъекттеринин ишин текшерүү, айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү документтерди кароо | Системалык | Жогорку | Түзүмдүк (ББ, ААКБ), ведомстволук (ЭТКК) жана региондук бөлүнүштөр | Департаменттердин жана кызматтардын директорлору, директордун орун басарлары, башкармалыктардын башчылары, башкармалыктардын башчыларынын орун басарлары, бөлүмдөрдүн, секторлордун башчылары, башкы адистер, жетектөөчү адистер, башкы инспекторлор, улук инспекторлор, инспекторлор. | Бул тобокелдиктер КР ЖРЭТКМниниш-аракеттерине тиешелүү |
6 | Жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузууларга, браконьерликке жана биологиялык түрлөрдү сактоо чөйрөсүндөгү башка бузууларга өз убагында бөгөт коюу боюнча оперативдүү рейддерди жүргүзүү. | Бузуулар фактылары табылган учурунда: - текшерүүлөрдү жүргүзүү учурунда эреже бузуу фактыларын жашыруу; - текшерүү жүргүзүлүп жаткан ишкердик субъекттеринин өкүлдөрү менен тил табышууга жол берүү; - токой жана аңчылык чарбаларынын ишин текшерүү, курчап турган чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү документтерди кароо. | Системалык | Жогорку | Түзүмдүк (ББ, ААКБ), ведомстволук (ЭТКК) жана региондук бөлүнүштөр | Департаменттердин жана кызматтардын директорлору, директордун орун басарлары, башкармалыктардын башчылары, башкармалыктардын башчыларынын орун басарлары, бөлүмдөрдүн, секторлордун башчылары, башкы адистер, жетектөөчү адистер, башкы инспекторлор, улук инспекторлор, инспекторлор. | Бул тобокелдиктер КР ЖРЭТКМнин ИИО, РМА жана ЖӨАБ органдарынын ишине тиешелүү. |
7 | Кооптуу өндүрүш объектилеринин өнөр жай коопсуздугунун талаптарынын "Жардыруу иштериндеги коопсуздук эрежелеринин" сакталышын контролдоо жана көзөмөлдөө. | Текшерүү учурунда ишкердик субъекттеринин ишин текшерүү, кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндөгү документтерди кароо; - текшерүүлөрдү жүргүзүү учурунда эреже бузуу фактыларын жашыруу; -текшерүү жүргүзүлүп жаткан ишкердик субъекттеринин өкүлдөрү менен тил табышууга жол берүү. | Системалык | Жогорку | Түзүмдүк (ББ, ААКБ), ведомстволук (ЭТКК) жана региондук бөлүнүштөр | Департаменттердин жана кызматтардын директорлору, директордун орун басарлары, башкармалыктардын башчылары, башкармалыктардын башчыларынын орун басарлары, бөлүмдөрдүн, секторлордун башчылары, башкы адистер, жетектөөчү адистер, башкы инспекторлор, улук инспекторлор, инспекторлор. | Бул тобокелдиктер КР ЖРЭТКМнин, ОБ, ИИО жана МИнин ишине кирет. |
8 | Кооптуу өндүрүш объектилеринин (биологиялык, химиялык, радиоактивдүү мүнөздөгү) өнөр жай коопсуздугунун талаптарынын "Таасири күчтүү уулуу заттар менен иштөөдө коопсуздук эрежелеринин" сакталышын контролдоо жана көзөмөлдөө. | Текшерүү учурунда ишкердик субъекттеринин ишин текшерүү, кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндөгү документтерди кароо. | Системалык | Жогорку | Түзүмдүк (ББ, ААКБ), ведомстволук (ЭТКК) жана региондук бөлүнүштөр | Департаменттердин жана кызматтардын директорлору, директордун орун басарлары, башкармалыктардын башчылары, башкармалыктардын башчыларынын орун басарлары, бөлүмдөрдүн, секторлордун башчылары, башкы адистер, жетектөөчү адистер, башкы инспекторлор, улук инспекторлор, инспекторлор. | Бул тобокелдиктер КР ЖРЭТКМнин, ӨКМ, ССМ жана айыл чарба министрлигинин ишмердигине кирет |
9 | Кооптуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугунун талаптарынын "Пайдалуу кендерди ачык ыкма менен казып алуунун өндүрүштүк процесстеринин коопсуздук эрежелеринин" сакталышын контролдоону жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу. | Текшерүү учурунда ишкердик субъекттеринин ишин текшерүү, кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндөгү документтерди кароо; - текшерүүлөрдү жүргүзүү учурунда эреже бузуу фактыларын жашыруу; -текшерүү жүргүзүлүп жаткан ишкердик субъекттеринин өкүлдөрү менен тил табышууга жол берүү. | Системалык | Жогорку | Түзүмдүк (ББ, ААКБ), ведомстволук (ЭТКК) жана региондук бөлүнүштөр | Департаменттердин жана кызматтардын директорлору, директордун орун басарлары, башкармалыктардын башчылары, башкармалыктардын башчыларынын орун басарлары, бөлүмдөрдүн, секторлордун башчылары, башкы адистер, жетектөөчү адистер, башкы инспекторлор, улук инспекторлор, инспекторлор. | Бул тобокелдиктер КР ЖРЭТКМнин, Айыл чарба министрлигинин, РМА жана ЖӨАБ органдарынын ишине тиешелүү. |
10 | Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жай коопсуздугунун талаптарынын "Пайдалуу кендерди казып алуу менен байланышпаган жер астындагы объекттерди, ошондой эле пайдалуу кендерди жер алдында ыкма менен казып алуучу объекттерди куруунун жана эксплуатациялоонун өндүрүштүк процесстеринин коопсуздук эрежелеринин" сакталышын контролдоону жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу; Кооптуу өндүрүш объекттерин курууда, кеңейтүүдө, реконструкциялоодо, техникалык кайра жабдууда, эксплуатациялоодо, консервациялоодо, жоюуда жана даярдоодо өнөр жай коопсуздугунун талаптарынын сакталышын контролдоо жана көзөмөлдөө. | Текшерүү учурунда ишкердик субъекттеринин ишин текшерүү, кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндөгү документтерди кароо; - текшерүүлөрдү жүргүзүү учурунда эреже бузуу фактыларын жашыруу; -текшерүү жүргүзүлүп жаткан ишкердик субъекттеринин өкүлдөрү менен тил табышууга жол берүү. - текшерүүнүн предметине тиешеси жок же конкреттүү объект үчүн ченемдик укуктук актыларда каралбаган иш-чараларды аткарууну негизсиз талап кылуу мүмкүнчүлүгү. | Системалык | Жогорку | Түзүмдүк (ББ, ААКБ), ведомстволук (ЭТКК) жана региондук бөлүнүштөр | Департаменттердин жана кызматтардын директорлору, директордун орун басарлары, башкармалыктардын башчылары, башкармалыктардын башчыларынын орун басарлары, бөлүмдөрдүн, секторлордун башчылары, башкы адистер, жетектөөчү адистер, башкы инспекторлор, улук инспекторлор, инспекторлор. | Бул тобокелдиктер КР ЖРЭТКМнин, Ахитектура. Курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, РМА жана ЖӨАБ органдарынын ишине тиешелүү. |
11 | Жер казынасын пайдалануу менен байланышкан иштерди коопсуз жүргүзүүнүн талаптары; - пайдалуу казындылардын кендерин чалгындоодо жана иштетүүдө маркшейдердик жана геологиялык иштерди (коопсуздукту камсыз кылуу бөлүгүндө) жүргүзүү эрежелеринин сакталышына контролду жана көзөмөлдү жүзөгө ашыруу; -тоо-кен (геологиялык чалгындоо) иштерин жүргүзүү укугуна уруксат берүү, тоо-кен жана жер астындагы геологиялык чалгындоо иштерин өнүктүрүү пландарын макулдашуу жана долбоордук документтердин өнөр жай коопсуздугуна экспертиза жүргүзүү. | Текшерүүлөрдү жүргүзүү учурунда мыйзам бузуу фактыларын жашыруу; - текшерүү жүргүзүлүп жаткан ишкердик субъекттеринин өкүлдөрү менен тил табышууга жол берүү; - ишкердик субъекттеринин жеке кызыкчылыктарын мамлекеттик кызыкчылыктарга зыян келтирүү; - документтерди кароону жана чечим кабыл алууну тездетүү же создуктуруу мүмкүнчүлүгү. | Ситуациялык | Жогорку | Түзүмдүк (ББ, ААКБ), ведомстволук (ЭТКК) жана региондук бөлүнүштөр | Департаменттердин жана кызматтардын директорлору, директордун орун басарлары, башкармалыктардын башчылары, башкармалыктардын башчыларынын орун басарлары, бөлүмдөрдүн, секторлордун башчылары, башкы адистер, жетектөөчү адистер, башкы инспекторлор, улук инспекторлор, инспекторлор. | Бул тобокелдиктер КР ЖРЭТКМниниш-аракеттерине тиешелүү |
Ишке ашыруу жана жөнгө салуу функциялары | |||||||
12 | Лицензиялык комиссия тарабынан маселелерди кароо: - лицензияны трансформациялоо лицензиялардын жана/же лицензиялык келишимдердин жарактуулук мөөнөтүн узартуу; - жер казынасын пайдалануу укугун токтото туруу жана/же токтотуу; - лицензиялык макулдашууларга өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү; - күрөө коюуга макулдук берүү маселесин кароо; - жер казынасын пайдаланууга байланыштуу башка маселелерди кароо. | Комиссиянын айрым мүчөлөрү тарабынан чечимдерди кабыл алууда маселени чечүүнү белгиленген мөөнөттөн ашыкча негизсиз создуктуруу; - айрым жеке же юридикалык жакка карата маселени кезексиз тартипте чечүү; - комиссиянын мүчөлөрүнүн биринин же анын туугандарынын материалдык муктаждыктарын канааттандыруу менен байланышкан жеке маселелерди чечүүдө өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын пайдалануу; комиссиянын маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук, ведомстволук, локалдык актылардын талаптарын комиссиянын мүчөлөрү бузуусу; - кызматтык (эмгектик) иштин олуттуу элементи болуп саналган кызматтык эсепке алуу жана отчеттук документтерде бурмалоо, жашыруу же атайылап жалган маалыматтарды берүү; - түздөн-түз байланышта болгон учурда Комиссия мүчөлөрүнүн тил табышуу мүмкүндүгү. | Ситуациялык | Жогорку | Түзүмдүк (КИБ, ААКБ, МЭЭБ, ӨКЖБ, ББ, ЭБЛУББ), ведомстволук (КГК, ЭКМЖСД) жана региондук бөлүнүштөр | Департаменттердин директорлору, директордун орун басарлары, башкармалыктардын башчылары, башкармалыктардын башчыларынын орун басарлары, бөлүмдөрдүн, секторлордун башчылары, башкы адистер, жетектөөчү адистер, адистер. | КР ЖРЭТКМнин
Бул тобокелдиктер КР ЖРЭТКМниниш-аракеттерине тиешелүү |
13 | КР пайдалуу кендеринин запастары боюнча мамлекеттик комиссиянын маселелерин кароо: - минералдык чийки затка кондицияларды негиздөө менен байланышкан техникалык-экономикалык эсептерге экспертиза жүргүзөт, кызыкдар уюмдардын жана жер казынасын пайдалануучулардын катышуусу менен кондициялардын долбоорлорун карайт жана аларды бекитет; - пайдалуу кендердин запастарын эсептөө материалдарына экспертиза жүргүзөт, кызыкдар уюмдардын жана жер казынасын пайдалануучулардын катышуусу менен материалдарды карайт жана запастардын маалыматтарынын изилденишинин жана аныктыгынын даражасын, кендердин (же алардын бөлүктөрүнүн) өнөр жайлык маанисин жана алардын өнөр жайлык өздөштүрүү үчүн даярдалышын аныктоо менен чалгындалган запастарды бекитет. -пайдалуу кендердин запастарын эсептөөнүн берилген материалдары боюнча аткарылган геологиялык чалгындоо иштеринин, минералдык чийки заттын сапаттык көрсөткүчтөрүн изилдөө боюнча иштердин, гидрогеологиялык, инженердик-геологиялык, технологиялык жана башка атайын изилдөөлөрдүн сапатын жана натыйжалуулугун талдайт жана баалайт жана бул иштердеги кемчиликтерди жоюу боюнча сунуштарды берет (зарыл болгон кошумча иштерди жүргүзүүнү кошкондо); - минералдык сырьенун корлорун эсептөө материалдарын кароонун натыйжаларын жалпылайт жана талдайт жана геологиялык чалгындоо иштеринин сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу, пайдалуу кендер чыккан жерлерди чалгындоо мөөнөттөрүн кыскартуу, өнөр жайлык өздөштүрүүдө минералдык сырьену алуунун толуктугу жана комплекстүүлүгү боюнча сунуштарды иштеп чыгат; - мунайдын жана күйүүчү газдардын оперативдүү эсептелген запастарынын базасында мунай жана мунай-газ кендерин иштетүүнү жана жайгаштырууну долбоорлоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө жана аларды иштетүүгө киргизүү жөнүндө сунуштарды макулдашат жана тиешелүү корутундуларды берет; - Олуттуу такталбаган учурда же башка себептер боюнча кен казуучу ишканалардын сунушу боюнча пайдалуу казындылардын кендеринин запастарын кайра бекитет; - пайдалуу кендердин запастарынын мамлекеттик баланстарына талдоо жүргүзөт жана зарыл болгон учурда геологиялык чалгындоо жана эксплуатациялык иштердин натыйжалары, минералдык чийки затка кондициялардын өзгөрүшү же башка себептер боюнча аларды оңдоп-түзөтөт; | Комиссиянын айрым мүчөлөрү тарабынан чечимдерди кабыл алууда маселени чечүүнү белгиленген мөөнөттөн ашыкча негизсиз создуктуруу; - айрым жеке же юридикалык жакка карата маселени кезексиз тартипте чечүү; - комиссия мүчөлөрүнүн биринин же анын туугандарынын материалдык муктаждыктарын канааттандыруу менен байланышкан жеке маселелерди чечүүдө өзүнүн ыйгарым укуктарын пайдалануу; - комиссиянын маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук, ведомстволук, локалдык актылардын талаптарын комиссиянын мүчөлөрү бузса; - кызматтык (эмгектик) иштин олуттуу элементи болуп саналган кызматтык эсепке алуу жана отчеттук документтерде бурмалоо, жашыруу же атайылап жалган маалыматтарды берүү; - түздөн-түз байланышта болгон учурда Комиссия мүчөлөрүнүн тил табышуу мүмкүндүгү. | Ситуациялык | Жогорку | Түзүмдүк (КИБ, ААКБ, МЭЭБ, ӨКЖБ, ББ, ЭБЛУББ), ведомстволук (КГК, ЭКМЖСД) жана региондук бөлүнүштөр
Кыргыз Республикасынын Пайдалуу кендеринин запастары боюнча мамлекеттик комиссиясы | Департаменттердин директорлору, директордун орун басарлары, башкармалыктардын башчылары, башкармалыктардын башчыларынын орун басарлары, бөлүмдөрдүн, секторлордун башчылары, башкы адистер, жетектөөчү адистер, адистер.
Комиссия (төрага, мүчөлөр, эксперттер, катчы) | Бул тобокелдиктер КР ЖРЭТКМнин иш-аракеттерине тиешелүү |
14 | Жер казынасын пайдалануу укугуна конкурстарды жана аукциондорду өткөрүүдө: - конкурстук табыштамаларды кабыл алуу жана каттоо; - берилген аукциондук табыштамалардын аукцион өткөрүү тартибине жана шарттарына (жер казынасынын ар бир объектисине карата) шайкештигин текшерүү максатында кароо; - аукционго катышууга уруксат берүү же болбосо киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. | - Кызматтык (эмгектик) иштин олуттуу элементи болуп саналган кызматтык эсепке алуу жана отчеттук документтерде бурмалоо, жашыруу же атайылап жалган маалыматтарды берүү; - кызматтык (эмгектик) милдеттерине ылайык чечимдерди кабыл алууну талап кылган учурларда аракетсиздик; - арыздарды кабыл алууда өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын пайдалануу, кызматтык жасалмалоо болушу мүмкүн; - кызмат адамынын же анын туугандарынын материалдык муктаждыктарын канааттандыруу менен байланышкан жеке маселелерди чечүүдө өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын пайдалануу; - түздөн-түз байланышта сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү; - конкурс же аукцион өткөрүүдө компанияларга карата "катуу" жана "жумшак" талаптарды колдонуу мүмкүнчүлүгү. | Кырдаалдык | Орточо | Түзүмдүк (КИБ, ААКБ, МЭЭБ, ӨКЖБ, ББ, ЭБЛУББ), ведомстволук (КГК, ЭКМЖСД) жана региондук бөлүнүштөр
(Жер казынасын пайдалануу укугуна конкурстарды жана аукциондорду уюштурууга тартылган бардык бөлүмдөр) | Департаменттердин директорлору, директордун орун басарлары, башкармалыктардын башчылары, башкармалыктардын башчыларынын орун басарлары, бөлүмдөрдүн, секторлордун башчылары, башкы адистер, жетектөөчү адистер, адистер. (Жер казынасын пайдалануу укугуна аукцион жана конкурс өткөрүүгө жооптуу кызматкерлер | Бул тобокелдиктер КР ЖРЭТКМнин, РМА, ЖӨАБ жана айыл чарба министрлигинин ишине тиешелүү. |
Уруксат берүү жана каттоо функциялары | |||||||
15 | Жаратылышты коргоого уруксат берүү: -булгоочу заттарды атмосферага стационардык булактардан чыгарууга уруксат берүү; - курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө булгоочу заттарды таштоого уруксат; - калдыктарды айлана-чөйрөгө жайгаштырууга уруксат; -мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусу; МТФнын аймагынан тышкары жашыл бак-дарактарды бузуу актыларын макулдашуу; - объекттерди куруу үчүн жер участокторун тандоону изилдөө актылары. | Чечимдерди кабыл алууда маселени белгиленген мөөнөттөн ашыкча чечүүнү негизсиз создуктуруу; айрым жеке же юридикалык жакка карата маселени кезексиз тартипте чечүү; кызмат адамынын же анын туугандарынын материалдык муктаждыктарын канааттандыруу менен байланышкан жеке маселелерди чечүүдө өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын пайдалануу; кызматтык (эмгектик) милдеттеринде каралган иш-чараларды уюштуруу, пландаштыруу жана өткөрүү маселелерин жөнгө салуучу ЧУАнын, ведомстволук, локалдык актылардын талаптарын кызмат адамдары тарабынан бузуу; кызматтык (эмгектик) иштин олуттуу элементи болуп саналган кызматтык эсепке алуу жана отчеттук документтерде бурмалоо, жашыруу же атайылап жалган маалыматтарды берүү; түздөн-түз байланышта макулдашуу мүмкүнчүлүгү | Ситуациялык | төмөн | Түзүмдүк (КИБ, ААКБ, МЭЭБ, ӨКЖБ, ББ, ЭБЛУББ), ведомстволук (КГК, ЭКМЖСД) жана региондук бөлүнүштөр | Департаменттердин директорлору, директордун орун басарлары, башкармалыктардын башчылары, башкармалыктардын башчыларынын орун басарлары, бөлүмдөрдүн, секторлордун башчылары, башкы адистер, жетектөөчү адистер, адистер.
Комиссия (төрага, мүчөлөр, эксперттер) | Бул тобокелдиктер КР ЖРЭТКМнин, КР УИА, Айыл чарба министрлигинин жана ӨЭУнун ишмердигине тиешелүү. |
16 | Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдаланууга уруксат берүүнү ишке ашыруу: - мергенчилик чарбалардын ишинде келишимдик милдеттенмелердин аткарылышын сактоо үчүн жүзөгө ашыруу; - мергенчилик чарбалардын конкурсун өткөрүү. | Жапайы жаныбарларга атайын уруксат берүү комиссиясына квота бөлүп берүү жөнүндө (Марко Поло кочкору, теке ж.б.); - СИТЕСТИ импорттоого жана экспорттоого уруксат. Жапайы өскөн өсүмдүктөрдү (ферул уруктары, афлатун пиязы ж. б.) жыйноого уруксат берүү жөнүндө; - текшерүүлөрдү жүргүзүү учурунда эреже бузуу фактыларын жашыруу; текшерүү жүргүзүлүп жаткан ишкердик субъекттеринин өкүлдөрү менен тил табышууга жол берүү; -- аңчылык чарбалардын ишин текшерүү, айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү документтерди кароо; ыйгарым укуктуу органдын комиссиясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүп алуунун мүмкүндүгү. | Ситуациялык | Жогорку | Түзүмдүк (КИБ, ААКБ, МЭЭБ, ӨКЖБ, ББ, ЭБЛУББ), ведомстволук (КГК, ЭКМЖСД) жана региондук бөлүнүштөр | Департаменттердин директорлору, директордун орун басарлары, башкармалыктардын башчылары, башкармалыктардын башчыларынын орун басарлары, бөлүмдөрдүн, секторлордун башчылары, башкы адистер, жетектөөчү адистер, адистер. Комиссия (төрага, мүчөлөр, эксперттер) | Бул тобокелдиктер КР ЖРЭТКМнин, "Кыргыз-аңчылык жайгаштыруу", КР УИА, аңчылыкты пайдалануучулар ассоциациясынын, ӨЭУ, РМА жана ЖӨАБ иштерине тиешелүү |
17 | Чарбакер субъекттердин экологиялык паспортторун каттоо: - экологиялык паспортторду иштеп чыгуу мөөнөттөрү; -субъекттер тарабынан жаратылышты коргоо мыйзамдарынын жана айлана-чөйрөнүн сапатынын ченемдеринин талаптарынын сакталышын эксперттик контролдоодон кийин ишке ашыруу жана зыяндуу заттарды утилдештирүүгө уруксат берүү; -долбоордук документтерге мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүү; -эксперттик жана экологиялык корутунду берүү лицензия алуу озонду бузуучу заттарды камтыган товарларды экспорттоо/импорттоо. | Чечим кабыл алууда маселени белгиленген мөөнөттөн (бюрократиядан) ашыкча чечүүнү негизсиз создуктуруу; - кезектеги кайрылуулардын олуттуу саны болгон учурда айрым жеке же юридикалык жакка карата маселени кезексиз тартипте чечүү; - кызмат адамынын же анын туугандарынын материалдык муктаждыктарын канааттандыруу менен байланышкан жеке маселелерди чечүүдө өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын пайдалануу; - кызмат адамдары тарабынан ЧУАнын талаптарын, иш-чараларды уюштуруу, пландаштыруу жана өткөрүү маселелерин жөнгө салуучу ведомстволук, локалдык актыларды бузуу. | Кырдаалдык | Орточо | Түзүмдүк (КИБ, ААКБ, МЭЭБ, ӨКЖБ, ББ, ЭБЛУББ), ведомстволук (КГК, ЭКМЖСД, ЭТКК) жана региондук бөлүнүштөр | Департаменттердин жана кызматтардын директорлору, директордун орун басарлары, башкармалыктардын башчылары, башкармалыктардын башчыларынын орун басарлары, бөлүмдөрдүн, секторлордун башчылары, башкы адистер, жетектөөчү адистер, адистер, башкы инспекторлор, улук инспекторлор, инспекторлор. | Бул тобокелдиктер КР ЖРЭТКМниниш-аракеттерине тиешелүү |
18 | Лицензияларды (уруксаттарды) берүү жана колдонуудагы лицензиялардын маселелери боюнча документтерди андан ары чыгаруу (иштеп чыгуу) : - лицензия (уруксат) берүү укугу же андан баш тартуу жөнүндө чечимди кийин даярдоо менен тиешелүү документтерди кабыл алуу; - чарбакер субъекттерге консультация берүү жана чечимдерди кабыл алуу үчүн зарыл болгон документтерди андан ары коштоо (иштеп чыгуу) ; - тиешелүү чечимди кабыл алуу үчүн зарыл болгон анык маалыматты өз убагында берүү; - аныкталган укук бузуулар боюнча териштирүүлөргө жана башка териштирүүлөргө зарыл болгон маалыматтарды жана кесиптик билимдерди билүү түрүндө катышуу; -административдик комиссиянын жана лицензиялоо боюнча комиссиянын чечим кабыл алуусу.
| Жарандардын же юридикалык жактардын укуктарын ишке ашыруу менен байланышкан чечимдерди кабыл алуу үчүн зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды даярдоону белгиленген мөөнөттөн ашыкча создуктуруу, кезектеги кайрылуулардын олуттуу саны болгон учурда айрым жеке же юридикалык жакка карата маселени кезексиз тартипте чечүү: - тиешелүү кайрылуу боюнча оң чечим кабыл алуу үчүн зарыл болгон документтерди тариздөө маселелери боюнча көмөк көрсөтүү; - Жумуш маселелерин чечүүдө өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын анын туугандарынын, башка кызыкдар адамдардын материалдык керектөөлөрүн канааттандыруу максатында пайдалануу; - кызматтык (эмгектик) милдеттерине ылайык чечимдерди кабыл алууну талап кылган учурларда аракетсиздик. Лицензиялык укуктарды токтотуунун мыйзамдуулук маселелерин кароо, лицензияны трансформациялоо, лицензияны жана/же лицензиялык келишимдерди колдонуу мөөнөтүн узартуу. | Системалык | Жогорку | Түзүмдүк (КИБ, ААКБ, МЭЭБ, ӨКЖБ, ББ, ЭБЛУББ), ведомстволук (КГК, ЭКМЖСД) жана региондук бөлүнүштөр | Департаменттердин жана кызматтардын директорлору, директордун орун басарлары, башкармалыктардын, бөлүмдөрдүн башчылары, секторлордун башчылары, башкы адистер, жетектөөчү адистер жана инспекторлор.
Комиссия (төрага, мүчөлөр, эксперттер, катчылар) | Бул тобокелдиктер КР ЖРЭТКМнин иш-аракеттерине тиешелүү |
Администрациялык-тескөөчү функция | |||||||
19 | Кабыл алуу, дайындоо, которуу, кадрларды ротациялоо, конкурстары. -материалдык эмес жана материалдык стимулдаштыруу; -жетекчилердин жана персоналдын аттестацияларын жана билимин текшерүү. | Кызмат адамынын же анын туугандарынын материалдык муктаждыктарын канааттандыруу менен байланышкан жеке маселелерди чечүүдө өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын пайдалануу; - мамлекеттик кызматка кирүү үчүн мыйзамда каралбаган артыкчылыктарды (протекционизм, үй-бүлөөлүк) берүү; - кызматтык (эмгектик) милдеттеринде каралган иш-чараларды уюштуруу, пландаштыруу жана өткөрүү маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук, ведомстволук, локалдык актылардын талаптарын кызмат адамдары бузса. | Ситуациялык | Төмөн | Борбордук аппараттын, ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрүнүн кадрлар бөлүмдөрү | Департаменттердин жана кызматтардын директорлору, директордун орун басарлары, башкармалыктардын, бөлүмдөрдүн башчылары, секторлордун башчылары, башкы адистер, жетектөөчү адистер жана адистер. Адам ресурстарын башкаруу боюнча бөлүмдөрдүн (секторлордун) башчылары (начальниктери), кадр маселелери боюнча башкы адистер. Конкурстук, аттестациялык комиссиялардын төрагалары, мүчөлөрү. |
|
20 | Кызматтык териштирүүлөрдөн жана териштирүүлөрдөн кийин чечим кабыл алуу. -ар кандай сот процесстерине, комиссияларга ж.б. катышуу; -чакыруучу тарабынан каржылануучу чет өлкөлүк иш сапарлар боюнча квоталарды бөлүштүрүү. | Кызматтык териштирүүлөрдү жана териштирүүлөрдү жүргүзүү; -этика боюнча комиссиянын жана профсоюз комитетинин териштирүүлөрүн жүргүзүү; -ар кандай сот процесстерине, комиссияларга ж. б. Катышуу; - чет өлкөлүк иш сапарлар талапкерлерди аныктоо боюнча квоталарды бөлүштүрүү мамлекеттик органдын кесиптик ишин жана иш сапарынын максаттарын эске албастан жеке жана башка жүйөлөр боюнча кызыкдар кызмат адамы менен жүргүзүлөт. | Ситуациялык | Төмөн | ИИС,КАӨ, АРББ, ЧУКБ,ЭКБ, борбордук аппараттын, ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрүнүн кадрлар бөлүмдөрү | Комиссия (төрага, мүчөлөр, эксперттер, катчылар). Департаменттердин жана кызматтардын директорлору, директордун орун басарлары, башкармалыктардын, бөлүмдөрдүн башчылары, секторлордун башчылары, башкы адистер, жетектөөчү адистер, адистер. |
|
Финансылык-чарбалык функциясы | |||||||
21 | Тендерлерди өткөрүү жана товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга келишимдерди түзүү | Кызматтык (эмгектик) милдеттеринде каралган иш-чараларды уюштуруу, пландаштыруу жана өткөрүү маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук, ведомстволук, локалдык актылардын талаптарын кызмат адамдары тарабынан бузуу; менчик ээлери же кызмат адамдарынын туугандары ээлеген жетекчилик кызматтар менен тез - тез же ири бүтүмдөрдү жасоо; -айкын мыйзам бузуулар менен (адис үчүн эмес) финансылык-чарбалык операцияларды жүргүзүү | Ситуациялык | Төмөн | Борбордук аппараттын, ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрүнүн каржы-экономикалык бөлүмдөрү | Сатып алуулар боюнча бөлүмдөрдүн, секторлордун башчылары (начальниктери), башкы, жетектөөчү адистери.
Сатып алуу боюнча адистер. Комиссия (төрага, мүчөлөр, эксперттер, катчылар) Финансы жана бухгалтердик эсеп башкармалыгынын башчысы. Финансылык бөлүмдөрдүн (секторлордун) башчылары, башкы адистери. Башчылар (башчылар). |
|
22 | ӨКЖАга баруудан, ошондой эле чарба субъекттерине пайдалануу үчүн жерлерди ижарага берүүдөн финансылык каражаттарды чогултуу. | Жооптуу кызматкерлер ӨКЖАга баргандыгы үчүн финансылык каражаттарды чогултуу менен алектенген ӨКЖАнын персоналынын ишине контролдуктун начардыгын жүзөгө ашырышат, болбосо алар кутумда турушат жана ижарачылардын санын жашырышат. | Системалык | орточо | БС ӨКЖАД, ӨКЖА бөлүмдөрү | Департаменттердин жана кызматтардын директорлору, директордун орун басарлары, башкармалыктардын башчылары, башчылардын орун басарлары бөлүмдөрдүн, секторлордун башчылары, башкы адистер, жетектөөчү адистер жана адистер. |
|
Аббревиатуралардын чечмеси:
ББ – Биоресурстар башкармалыгы
МЭЭБ - Мамлекеттик экологиялык экспертиза башкармалыгы
ӨКЖБ - Өнөр жай коопсуздугун жөнгө салуу башкармалыгы
СЖРБ - Суу жана жер ресурстары башкармалыгы
ЭБЛУББ - Эксперттик башкаруу, лицензиялоо, уруксаттарды берүү башкармалыгы
КАӨ – Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү
ЧУКБ - Ченемдик-укуктук камсыздоо башкармалыгы
ЭКБ - Эл-аралык кызматташтык башкармалыгы
АРББ – Адам ресурстарын башкаруу бөлүмү
КИБ - Калдыктар боюнча иш жургузуу бөлүмү
ААКБ - Атмосфералык абаны коргоо бөлүмү
ИИС – Ички иликтөөлөр сектору
ЭТКК - Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы
КГК - Кыргыз геология кызматы
ЭКМЖСД - Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуу департаменти
БС ӨКЖАД - Биотүрдүүлүктү жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын сактоо департаменти жөнүндө
ӨКЖА – Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары
ЖӨАБ – Жергиликтүү өз алдынча башкаруу
РМА – Райондук мамлекеттик администрациясы
ӨЭУ – Өкмөттүк эмес уюмдар
КР УИА – Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы
ӨКМ – Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
ИИО - Ички иштер органдары
УКО - Улуттук коопсуздук органдары
МИ – Мамлекеттик ишканалар
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин
2026-жылдын 9-июлундагы № 01-01/210
буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ