САЙЛЫК АЙЫЛДЫК КЕңеши
ТОКТОМ
2023-жылдын 6-апрели № 01-3/9
Сайлык айыл аймагында жеке турак жай куруу үчүн жер аянтын бекитип берүү жөнүндө
Сайлык айылдык кеңешинин Х –чакырылышынын 2023- жылдын 3- кезектеги отуруму, Сайлык айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай маселелери боюнча комиссиясынын 2023-жылдын 22- марттын №1 протоколунун чечиминин негизинде Сайлык айыл Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайлык айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай маселелери боюнча комиссиясынын 2023-жылдын 22- марттын №1 протоколунун чечиминин негизинде Сайлык айыл аймагынын жер тилкесин үй куру үчүн кезектеги каттоо китебинде катталган 415 тургундарынын ичинен 186- адамга №1 тиркемесине ылайык жер тилкеси бекитилип берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын Сайлык айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай маселелери боюнча адиси- М.Б.Мукабетовго жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө Сайлык айыл Кеңешинин жер жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.А.Моноловко жүктөлсүн.
Төрага | А.Д.Джетигенов |