ТҮП АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Түп айылдык кенешинин ХХVIII-чакырылышынын
XXVII-сессиясынын
2024-жылдын 12-апрелиндеги № 227
Түп айыл аймагынын Схемалык картасын бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Түп айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып жана талкуулап Түп айылдык кеӊеши төмөнкүдөй чечим кабыл алды:
1. Түп айыл аймагынын административдик чек арасынын Схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Түп айылдык кеӊешинин төрагасына жана Түп айыл өкмөтүнүн башчысына Схематикалык картага кол коюуу тапшырылсын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Түп райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрайым А. О. Орозбекова