Редакцияот 12.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТҮП АЙЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Түп айылдык кенешинин ХХVIII-чакырылышынын

 XXVII-сессиясынын

2024-жылдын 12-апрелиндеги № 231

Түп айыл аймагынын жарандарына үй курууга жер тилкелерин берүү жөнүндө

 

Түп айыл аймагынын жарандарына үй курууга жер тилкелерин берүүгө коюулуучу талаптардыэске алуу мененталкуулоолордон кийин Түп айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын XXVII-cессиясы Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 1-пунктунун негизинде

токтом кылат:

1.                    Түп райондук прокуратурасынын сунуштамасынын негизинде Түп айыл аймагындагы тоголок жетим балдарга үй курууга жер тилкелерин кезектен тышкары бөлүнүп берүүгө макулдук берилсин.

2.                    Түп айыл өкмөтүнө үй курууга жер тилкелерин алууга жеке арызы менен кайрылып, кезекте турган жарандардарга Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтому менен бекитилген “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобонун негизинде жер тилкелери бөлүнүп берилсин.

3.                    Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Түп айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.А.Чоркозовго милдеттендирилсин.

 

 

Тѳрайым                                                                                              Орозбекова А.О.