Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 15-декабрындагы № 18/1
Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинен Шамшы айылындагы маданият үйүнүн капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн, өздүк салым каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Депутаттардын VII чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары,Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Белековдун 13.12.2022-жыл №555 кайрылуу катынын отчетун угуп токтом кылат:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинен 496800 сом акча каржаты Шамшы айылындагы маданият үйүнүн капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн, өздүк салым үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Жогорудагы каражатты өз багыттарында каржылап, өздөштүрүү жагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Белеков, ФЭБ башчысы Б.Тажиев өз милдетине алсын.
Төрага | М.Чолпонкулов |