Загрузка документа…
ТҮП АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Түп айылдык кенешинин ХХVIII-чакырылышынын
XXVIII-сессиясынын
2024-жылдын 30-апрелиндеги № 233
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жер аянттарын берүү үчүн Түп айыл өкмөтү тарабынан мыйзамсыз түзүлгөн келишимдерин жокко чыгаруу жөнүндө
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жер аянттары Түп айыл өкмөтү тарабынан мыйзамсыз түзүлгөн келишимдердиннегизинде берилгендиги тууралууталкуулоолордон кийин Түп айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын XXVIII-cессиясы Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 1-пунктунун негизинде
токтом кылат:
1. Түп айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жер аянттарын Түп айыл өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №247 токтомунун негизинде туура эмес түзүлгөн келишимдери жокко чыгарылсын.
2. Мыйзамсыз түзүлгөн келишимдери жана токтомдору жоккочыгарылгандан кийин бошогон жер аянттары, мыйзам чегиндеги Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо тууралуу” № 243 токтому менен бекитилген Типтүү жобонун негизинде кайрадан берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Түп айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.А.Чоркозовго милдеттендирилсин.
Тѳрайым А.О.Орозбекова