Загрузка документа…
ТҮП АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Түп айылдык кенешинин ХХVIII-чакырылышынын
2024-жылдын 16-майындагы № 234
Түп айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29-ноябрындагы №208 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Түп айылдык кеңешинин XXVIII - чакырылышы Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” № 241 Мыйзамын 1-беренесинин негизинде Түп айылдык кеңешинин XXVIII- чакырылышы
токтом кылат:
1. Түп айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29-ноябрындагы “Түп айыл аймагынын Түп айылындагы №1138 контурдан жер тилкесин трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө” №208 токтомундагы кичи-футбол аянтчасына бөлүнүп бериле турган жер тилкесинин контуру техникалык каталыктан туура эмес көрсөтүлүп калгандыгына байланыштуу, “№1138 контурдан” деп жазылган жазуу, туураланып “№1161 контурдан” деп өзгөртүлсүн.
2. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү жооптуу катчы Ж.Ишембаевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү өзүмө калтырам.
Тѳрайым Орозбекова А.О.