Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 15-декабрындагы № 18/4
Кум-Дөбө айыл айагынын территориясындагы ички чарбалык ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кум-Дөбө айыл аймагынын ички чарбалык сугат тармактарынан суу пайдалануучулардын жыйынын ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке берүү жөнүндө чечими туралуу Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Белековдун сунушун угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө болгон муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 2 жана 19-беренелерине Кыргыз Республикасынын «жергиликтүү мамлеккетик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 39-беренесинин негизинде, Кум-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын ички чарбалык сугат тармактарынан суу пайдалануучулардын жыйынын ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке берүү жөнүндө суроо-талабы канааттандырылсын.
2. Кум-Дөбө айыл аймагындагы ички чарбалык ирригациялык курулмалары түрүндө мүлктү кабыл алуу актысын түзүп иш алып баруу жагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Белековго милдеттендирилсин.
1) Кум-Дөбө айыл аймагындагы ички чарбалык ирригациялык курулмаларды кабыл алуу актысына кол коюлсун, аны мамлекеттик нотариустан күбөлөндүрүлсүн жана мамлекеттик каттоо кызматынын органдарына каттатылсын.
2) Ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчик реестирине камтысын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Экономика,финансы,бюджет жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Чолпонкулов |