КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 5-декабры № 656
Жер участокторун өткөрүп берүү жөнүндө
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарында көп кабаттуу үйлөр жана социалдык-маданий маанидеги объекттер менен жаңы кичи районду куруу, Кыргыз Республикасынын жарандарын жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4, 6-статьяларына, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Чолпон-Ата шаары, Аэропорт көчөсү, 20к дарегинде жайгашкан, мамлекеттин менчигинде турган, "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясындагы жалпы аянты 35 га жер участогунан (идентификациялык коду: 2-03-05-0001-3006) өткөрүп берсин:
- аянты 1 га жер участогун Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) пайдалануусуна;
- аянты 34 га жер участогун Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын менчигине.
2. Чолпон-Ата шаарынын мэриясына ушул токтомдун 1-пунктунун үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн жер участогун муниципалдык менчикке кабыл алуу жана максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы белгиленген тартипте ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторуна мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) пайдалануу укугун жана менчик укугун каттасын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 98 саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |