КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күнтуу айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин кезектеги 1 сессиясы
2024-жылдын 28-марты № 2/3
Жер тилкесинин категориясын которуу жөнүндө
Күнтуу айыл аймагынын аймагында Кара-Сакал айылында №234 контурунда, Жайыт багытындагы мамлекеттик аянты 3,0 га жер тилкесинин «Ас-Сафа» кайрымдуулук фонду тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, жесирлерге, жетимдерге социалдык шаарча куруу үчүн жер тилкесинин категориясын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлер ” категориясына которуу маселеси айылдык кенештин сессиясында каралып, талкууланып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12,18- беренеге ылайык жана Сокулук райондук мамлекеттик администрация тарабынан түзүлгөн комиссияынын 2024-жылдын 27-мартындагы корутундусунун негизинде Күнтуу айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагынын аймагында Кара-Сакал айылында №234 контурунда, аянты 3,0 га жайыт жерлеринен «Ас-Сафа» кайрымдуулук фонду тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, жесирлерге, жетимдерге социалдык шаарча куруу үчүн жер тилкесинин категориясын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О.Сартпаевке жүктөлсүн;
3. Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О.Сартпаев бул жер участогун трансформациялоо жөнүндө ылайыктуу чечим кабыл алууга милдеттендирилсин;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Күнтуу жергиликтүү кеңешинин төрагасы |
| М.А. Тобоев |