Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 15-декабрындагы № 18/5
Кум-Дөбө айыл аймагындагы жергиликтүү маанидеги «тиешелүү аймакты экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу» маселесин башкаруу тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 27 жана 34-беренелерине ылайык Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынан келген №01-9/2084 сандуу каты жана Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Белековдун дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылууга байланыштуу чаралар боюнча сунушун угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 39-беренесинин негизинде, Кум-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жергиликтүү маанидеги «Тиешелүү аймакты өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу» маселесин башкаруу тартиби (мындан ары-Тартип) дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылуу маселелерин 1-тиркемеге ылайык киргизүү бекитилсин.
2. Тартиптин бекитилген функцияларын аткаруу, кызматтарды уюштуруу жана милдеттенмелерди аткаруу бөлүгүнүн ишке ашырылуусун камсыз кылуу жагы Кум-Дөбө айыл өмөтүнүн башчысы А.Белековго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Экономика,финансы,бюджет жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Чолпонкулов |
Кум-Дөбө айылдык кеңешинин 15.12.2022-жыл №18/5 токтомунун 1-тиркемеси |
Жериликтүү маанидеги «тиешелүү аймакты экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу» маселесин чечүүнүн алкагында дыйкандардын сугат сууга жетишин камсыз кылуу боюнча кызматтардын, функциялардын, милдеттенмелердин тизмеги
№ | Кызматтардын, фунциялардын, милдеттенмелердин аталышы | Аткаруу үчүн жоопту жак | ||||||
1.Кызматтар | ||||||||
1.1 | Сугат сууну суу пайдалануучуларга жеткирүү | Суу пайдалануучулар ассоциациясы (келишим боюнча) же а/о адиси | ||||||
2.Фунциялар | ||||||||
2.1 | Айыл өкмөтүнүн башчысынын бассейиндик кеңештин ишине катышуу | Айыл өкмөтүнүн башчысы | ||||||
2.2 | Муниципалдык менчиктердин реестиринде ирригациялык курулмаларды эсепке алууну жүргүзүү | Айыл өкмөтүнүнүн финансалык экономикалык бөлүмү | ||||||
2.3 | Кызмат көрсөтүүчүлөр мене ирригациялык курулмалырды колдонуу боюнча келишим түзүү, кол коюу жана аткарылышын көзөмөлдөө | Айыл өкмөтүнүн финансалык экономикалык бөлүмү ,жергиликтүү кеңеш | ||||||
2.4 | Суу пайдалануу, эксплуатациялоо жана ирригациялык системаны камсыз кылуу эрежелерин иштеп чыгуу жана бекитүү | Айыл өкмөт башчысы, жергиликтүү кеңеш | ||||||
2.5 | Суу чарбасынын райондук башкармалыгы менен суу сугат суусун жеткирүүкелишимин түзүү жана аткарылышын көзөмөқлдөө | Айыл өкмөт башчысы | ||||||
2.6 | Суу пайдалануу, эксплуатациялоо жана ирригациялык системаны камсыз кылуу эрежелерин бузганы үчүн суу пайдалануучулардан админстративдик комиссиянын ишин уюштуруу | Айыл өкмөт башчысы, жергиликтүү кеңеш | ||||||
2.7 | Ирригациялык кызматтардын төлөмүнүн (ИКТ) наркын эсептөө жана бекитүү | Айыл өкмөт башчысы, жергиликтүү кеңеш | ||||||
3.Милдеттенмелер | ||||||||
3.1 | Иригацциялык курулмаларды кызмат көрсөтүүчүлөргө муниципалдык мулктун обьекти катары колдонууга берүү | Айыл өкмөт башчысы, жергиликтүү кеңеш | ||||||
3.2 | Ирригациялык курулмаларды камсыз кылууга амортизациялык чегерүүлөрдү толук же жарым жартылай компенсациялоо | Айыл өкмөт башчысы, жергиликтүү кеңеш | ||||||
3.3 | Суу пайдалануучулардын айрым категорияларына субсидияларды берүү | Жергиликтүү кеңеш | ||||||
3.4 | Субсидия аркылуу кызмат көрсөтүүчүлөрдүн чыгымдарын компенсациялоо | Айыл өкмөт башчысы | ||||||