Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 15-декабрындагы № 18/9
КумДөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын №1 протоколун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесинин жана Кум-Дөбө айылдык Кеңешинин Регламентине ылайык Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 39-беренесинин негизинде, Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын орун басарын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын 15.12.2022-жыл.№1 протоколун угуп жана талкуулап депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Депутаттардын VII –чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын 2022-жылдын 15-декабрындагы № 1 протоколу бекитилсин.
2. Кум-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттарынын көпчүлүк добушуна ээ болгон №4149 «Шамшы» шайлоо округунан депутат Жаныбеков Нурадил Жумадилович Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасынын орун басары болуп дайындалсын.
Төрага | М.Чолпонкулов |