ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы кезексиз XXIII сессиясынын токтому
2023-жылдын 4-майындагы № 172/23-8
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2023-жылдын 24-апрелиндеги №161/22-8 сандуу токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту жана Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2023-жылдын 24-апрелиндеги №161/22-8 сандуу “Талас жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын эмгек маянасын көбөйтүү жана штатын бекитүү жөнүндө” токтому жокко чыгарылсын.
2. Талас шаарынын мэриясына (А.Шабданов) Талас шаарындагы муниципалдык ишканаларынын кызматкерлерине айлык акыларын төлөө жөнүндө эрежесин иштеп чыгуу жагы сунушталсын.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (У.Атагелдиев) тапшырылсын.
Төрага |
| К.Джаныбеков |