ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ынтымак айылдык кеңешинин (7 – чакырылышы) кезексиз VI– сессиясы
2021-жылдын 10-сентябры № 6/9
Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын алты ай ичинде иштелбей калган жана экономдолгон акча каражаттарын, кайрадан айыл өкмөтүнүн зарыл болгон иштерине ажыратып берүү тууралуу
Ынтымак айылдык кеңешинин сессиясы күн тартибиндеги Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын алты ай ичинде иштелбей калган жана экономдолгон акча каражаттарын, кайрадан айыл өкмөтүнүн зарыл болгон иштерине ажыратып берүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап чыгып.
Токтом кылат:
1.Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы 2021-жылдын алты ай ичинде иштелбей калган акча каражаттары, төмөндөгү зарыл иштерге ажыратылсын:
1.Челекчи айылындагы балдар бакчасына- 100000 (жуз мин) сом.
2.Кышка даярдыкка- 50000 (элүү мин) сом
3.№3059-Д скважинасын ремонтуна -56000 (элүү алты мин) сом
4.Жолго шагыл төгүү-104000 ( жуз төрт мин) сом
5.Жаныдан курулган ооруукананын котельнийине жана канализациясына – 273000 (эки жуз жетимиш үч мин) сом
2.Бул токтомдун аткарылышн көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кенешинин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага: | Р.Исамов |