Редакцияот 20.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХХI сессиясы

 

2024-жыл 20-февралы №2

 

“Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемеси “Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесине кошулуу жөнүндө

 

Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын ” Кыргыз Республикасынын Президентинин2024-жылдын 7- февралындагы №24” Пилоттук режимде административдик _аймактык реформа жүргүзүү алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин 92-беренесин,” Кыргыз РеспубликасынынЖергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген”Юридикалык жактарды,филиалдарды(өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө”Жобону жетекчиликке алып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. “Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңеши”мекемеси жана «Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңеши”мекемеси бириктирүү жолу менен Ак- Жол айыл аймагынын айылдык кеңеши”мекемеси болуп кайра түзүүлүүгө < макулдук берилсин..

 

  1. Мекемелердин мүлкүн инвентаризациялоо жана өткөрүп берүү актысына кол коюужагы “Ак-Жол” айыл аймагынын айылдык кеңешинин торагасы Алыбаев Жалынбек Самарбековичке жүктөлсүн.

 

  1. Токтом жарыялангандан баштап күчүнө кирсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага:

Ж. Алыбаев