Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 4-майындагы № 175/23-8
Талас шаарынын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2023-жылга карата бекитилген планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренисинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Кыргыз Республикасынын “Бюджет кодексинин негиздери жөнүндө” мыйзамы жана Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын ушул сессиянын күн тартибине сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2023-жылга карата бекитилген планына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- Талас шаарынын маданият бөлүмүнүн 3112-беренесине каралган 1357,5 мин сом сумманын ичинен 330,0 мин сом акча каражаты 2222 сатып алуу беренесине, 100,0 мин сом акча каражаты 2232 электр энергиясы беренесине жылдырылып каржылансын.
2. Талас каржы башкармалыгына (Ниязалиев.Ж.М) жергиликтүү бюджетке киргизилген өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго ылайык, каржылоо жагы милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (У.Атагелдиев) тапшырылсын.
Төрага | К.Джаныбеков |