Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 10-майы № 236
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин баш ийүүсүндө турган тоннелдерди эксплуатациялоо жана күтүү жаатындагы кызматтын ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түштүк", "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканаларынын "Тоннелдерди эксплуатациялоо, оңдоо жана күтүү боюнча кызмат" өкүлчүлүгүнүн тиешелүү функцияларын Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Өндүрүш-инновация борбору" мамлекеттик мекемесине өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 "Жол тармагынын системасын кайра өзгөртүп түзүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Өндүрүш-инновация борбору" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жободо:
- 12-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын:
"4) тоннелдерди күтүү, эксплуатациялоо, сактоону камсыз кылуу, баалоо жана техникалык абалын кармоо.";
- 13-пунктта:
төмөнкүдөй мазмундагы 21-23-пунктчалар менен толукталсын:
"21) тоннелдер аркылуу автотранспорт каражаттарынын кыймылын жана жөө жүргүнчүлөрдүн өтүшүн жыл бою, коопсуз жана үзгүлтүксүз камсыздоо;
22) тоннелдер аркылуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуучу инженердик системаларды талаптагыдай абалда кармоо;
23) автомобиль жолдорун күтүү, эксплуатациялоо, куруу, реконструкциялоо жана оңдоо маселелери боюнча консультациялык кызматтарды көрсөтүү.";
14-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14) транспорт каражаттарынын, атайын техниканын, жол-курулуш техникасынын жана жабдуулардын отун сарптоо ченемдерин аныктоо жана жаңылоо боюнча иш;";
- 18-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18. Борбордун директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Директордун эки орун басары бар, аларды Борбордун директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот.".
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
- үч айлык мөөнөттө ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн;
- болгон штаттык бирдиктерди, жер участокторун, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттарды кабыл алуу-өткөрүп берүү боюнча тиешелүү жол-жоболорду аткарууну уюштурсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 17-майындагы № 37 (3590) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |