АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
2024-жыл 20-февралы №3
“Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесин түзүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгеелинде пилоттук режимде административдик -аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын » Кыргыз Республикасынын Президентинин2024-жылдын 7-февралындагы №24’’ Пилоттук режимде административдик _аймактык реформа жүргүзүү алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу Жарлыгын. Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин 92-беренесин,” Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды(өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемеси жана “Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемеси бириктирүү жолу менен “Ак- Жол айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемеси болуп кайра түзүлсүн.
1.1.Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
-Мамлекеттик тилде “Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемеси
-Расмий тилде: Учреждение “Айылный кеңеш Ак-Жольского айылного аймака”
1.2.Мамлекеттик тилде. «Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңеши” М-и
Расмий тилде. У-е ”Айылный кеңеш Ак-Жольского айылного аймака”
2. “Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Жала-Абад облусу,Аксы районуЖаңы- Жол айылы Мырзабек болуш көчөсү үй №2 болуп аныкталсын.
3. «Ак-Жол” айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламента №1 тиркемеге негиз бекитилсин.
4. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
5. Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик катгоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтын аныктыгы ырасталат.
6. Токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы:
|
Ж. Алыбаев |