Редакцияот 04.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы кезексиз XXIII сессиясынын токтому

 

 

2023-жылдын 4-майындагы № 176/23-8

 

Талас шаардык маданият бөлүмүнө ачылган Маалымат кызматы жана анын 4 штаттык бирдиги жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктчасына ылайык, Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколдук чечиминин негизинде карап, талкуулап чыгып, жергиликтүү бюджетти мыйзамдуу пайдалануу максатында Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Талас шаардык маданият бөлүмүнө ачылган Маалымат кызматы жана анын 4 штаттык бирдиги Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан штаттык бирдик катары расмий бекитилгенге чейин жергиликтүү бюджеттен каржылоо жагы убактылуу токтотулсун.

2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (У.Атагелдиев) тапшырылсын.

 

 

Төрага

К.Джаныбеков