ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
2023-жылдын 6-февралы № III
Көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө
Папан айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап чыгып,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы администрациялык аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө Жобонун талаптарына ылайык Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри Д.А.Кенекеевдин 2017-жылдын 16-ноябрындагы №11-4066 тапшырмасына жана республиканын аймагындагы расмий түрдө айыл статусу жок калктуу конуштарга айыл статусун ыйгаруу, көчөлөргө ысым ыйгаруу жана турак үйлөрдү катар номер менен белгилөө жөнүндөгү тапшырмасына ылайык Папан айыл өкмөтүнүн Кожо-Келен айылындагы №1 көчөсүнүн аты жок, ошондуктан көчөгө ат коюу боюнча айыл жашоочуларынын протоколу бекитилсин.
2. Кожо-Келен айылындагы №1 көчөсүнө аты жок көчөгө Эмгек ардагери маркум Исмаилов Маматжакып Ибраимовичтин ысымы ыйгарылсын (1ден 93-номер үйгө чейин)
3. Көчөгө аты коюлган маркум Исмаилов Маматжакып Ибраимовичтин, үй-бүлөө мүчөлөрүнө ушул көчөнүн ар кандай социалдык маселелерин (жол тегиздөө, жарыктык орнотуу,көпүрө,электр мамычаларын орнотуу ж.б )чечүүгө, түздөн түз катышуусу , турак үйлөргө жана объекттерге катар номерлерди тез арада илүү зарылчылыгы жеткирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Папан айыл өкмөтүнүн башчысына жана Кожо-Келен айылынын айыл башчысы Меңдибаев Акматка милдеттендирилсин.
Папан айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.Тагаев. |