Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 15-майы № 244
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 "Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
"Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 36-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 "Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесинде:
- 62-пункт "Тарых, архитектура" деген сөздөрдөн кийин "(жоготту)" деген сөз менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 17-майындагы № 37 саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |