Редакцияот 26.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Будалык айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 22-отуруму

 

2024-жылдын 24-январы №22/1

 

Будалык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин 2022-жылга аткарылышы, 2023- жылга маалыматы, 2024-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү, 2025-2026-жылдарга болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө Будалык айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 22-отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

           

1.Будалык айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 17823,8 миң сомго, анын ичинен ), теңдештирүүчү трансферт 8660,0 миң сом, өздүк киреше 4085,9 миң сом(анын ичине атайын каражат 557,4 миң сом республикалык бюджеттен берилүүчү максаттуу трансферт 3449,4 миң сом, өткөн жылдан өткөн калдык 1628,5 миң сом жана чыгаша бөлүгү 14755,7 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.

2. Будалык айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджеттин киреш

бөлүгү 23756,3 миң сомго, анын ичинен теңдештирүүчү трансферт 14519,0 миң сом,

өздүк киреше 5128,3 миң сом( анын ичине атайын каражат 589,6 миң сом),

республикалык бюджеттен берилүүчү максаттуу трансферт 1040,9 миң сом, өткөн жылдан өткөн калдык 3068,1 миң сом, жана чыгаша бөлүгү 22 415,8 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.

  3. Будалык айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 20749,1миң сомго, теңдештирүүчү трансферт 16062,6 миң сомго, өздүк киреше 4686,5 миң сомго (анын ичиненде атайын каражаттар 320,0 миң сомго) бекитилсин.

 4. 2025-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорунун планы 21258,1 миң сомго,анын ичинен: теңдештирүүчү трансферт 16062,6 миң сомго, өздүк киреше 5195,5 миң сомго, 2026-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн планы 21904,1 миң сомго анын ичинен: тендештирүүчү трансферт 16062,6 миң сомго, өздүк киреше 5841,5 миң сомго долбоорунун болжолуу бекитилсин

5.Айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектепке чейинки мекеме, балдар бакчаларындагы балдардын ата-энелерден түшүүчү төлөмдөрү бир балага айына 600 (алты жүз) сомдон белгиленсин.

6. Будалык айыл өкмөтүндө жайгашкан мектептерге жана мекемелерге бюджетте каралган акча каражаттарын туура жана максаттуу пайдалануу жагын камсыз кылуу, отчет-учет иштерин убагында айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө тапшыруу жагы мекеме башчыларына жана чарбалык иштер боюнча директорлордун орун басарларына милдеттендирилсин.

  7. Бюджетте каралган акча каражаттарын смета боюнча өз убагында мыйзамдуу жумшалышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Мусабаевге жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Жунусовго милдеттендирилсин.

8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Будалык айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы А.Исманалиевага тапшырылсын.

 

төрага

Арапбай уулу Улан