Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Будалык айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 22-отуруму
2024-жылдын 24-январы №22/2
Будалык айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен 1340,5 миң сом калган калдык акча каражатын 2024-жылдын бюджетине иштетүү жөнүндө
Будалык айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен калган калдык акча каражатын 2024-жылдын бюджетине иштетүү боюнча Будалык айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Исманалиева жана айыл өкмөтүнүн башчысы К.Мусабаев билдирүүлөрүн угуп жана талкуулапБудалык айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 22-отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1.Будалык айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына карата 2023-жылдан пайдаланылбай калган 1340,5 миң сом, анын ичинде бюджет эсебинде 1076,8 миң сом жана атайын каражаттар эсебинде 263,7 миң сом калдык акча каражатын 2024-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча киргизилсин.
2.Айылдык Кеңештин заседаниесинде талкууланган 2024-жылдын 1-январына карата 2024-жылдан пайдаланылбай калган 1340,5 миң сом, анын ичинде бюджет эсебинде 1076,8 миң сом жана атайын каражаттар эсебинде 263,7 мин сом калдык акча каражаты 2024-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасына кошумча киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Алай финансы башкармалыгынан суралсын.
3.Жогорудагы бекитилген толуктоолорду мыйзам чегинде, өз максатында чыгымдоо жагын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы жана финансы-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
төрага | Арапбай уулу Улан |