БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Будалык айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 22-отуруму
2024-жылдын 24-январы №22/3
Будалык айыл өкмөтүнүн аймагында Алай токойчулугунун жерлери жок экендиги жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ
Будалык айыл өкмөтүнө караштуу Оро-Дөбө айылындагы Гүлчө айыл өкмөтү менен чектешкен Конолго чаты участкасындагы Ош-Сары-Таш-Эркечтам автожолунун 83-84-чакырымындагы Гүлчө дарыясынын жээгинде жайгашкан жер участогу Будалык айыл өкмөтүнө караштуу бирок Алай токойчулугу негизсиз талашып жаткандыктан, ага макулдук бербөө жөнүндө Будалык айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Будалык айыл өкмөтүнүн аймагындагы Оро-Дөбө айылындагы Ош-Сары-Таш-Эркечтам автожолунун 83-84- чакырымынын батыш тарабындагы Гүлчө дарыясынын жээгинде жайгашкан, шагыл майдалоочу заводго берилген жер аянтына жана Туристтик эс алуу жайына берилген жерлер, жалпысынан 47,5 га жер аянты жаңыдан түзүлгөн жер инвентаризациясында, токойчулукка тиешелүү деп жаңы карта боюнча белгиленгендигине Будалык Айылдык Кеңеши макул эместиги белгиленсин.
2.Будалык айыл өкмөтүнүн 1996-жылдан 2024-жылга чейинки жерлерди инвентаризациялоо отчетунда бир да токой фондусунун жери жок деп тапшырылып жүргөндүгү эске алынсын жана айыл аймактын аймагында Алай токойчулугунун жери жок экендиги белгиленсин
3. Жогоруда көрсөтүлгө жалпысынан 47,5 га жер аянты жаңыдан түзүлгөн жер инвентаризациясында, токойчулукка тиешелүү деп жаңы карта боюнча белгиленгендиги туура эместиги ырасталсын
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин
төрага | Арапбай уулу Улан |